- Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан чыңалуу байкалууда. 12-апрелде тажиктер Баткендеги Достук айылын миномёттон аткылап, андан алты кыргызстандык жараат алды. Былтыр апрелдин аягында ондогон жарандарыбыздын каны төгүлгөн окуяда Россиянын кулагы көрүнгөн болчу. Быйыл Украинадагы “операциясы” ишке ашпай турат. Ички бүгүн чыгарыш үчүн кошуналарды кайра тукурбайбы?
- Президентибиз Садыр Жапаров абдан туура кайрылуу жолдоп, чек арадагы кырдаалдан саясат жасабоого чакырды. Мен муну толугу менен колдойм. Өзүм Баткен районунун кулуну катары чек арадагы оош-кыйыштарды жакшы билем. Чек ара аймактарында жашап жаткан мекендештерибизди мен баатыр деп айтат элем, анткени, жеке керт башынын коопсуздугу таразада турат. Турмуш-тиричиликтен канча кыйналышса да, көчүп кетпей, чек араны коргоп жатышат. Мына ошол баатыр мекендештерди ойлосок, чек ара боюнча ойлонулбаган билдирүүлөрдү жасагандан сак бололу. Ар бир туура эмес айтылган сөз эртең чек ара бойлоп жашаган туугандарыбызга ок болуп тийиши мүмкүн. Чек ара маселеси дипломатиялык жол менен гана чечилиши керек. Анан да, чек ара маселеси боюнча баарыбыз билерман, эксперт болгонду токтотуп, бул багытта жоопкер мамлекеттик жетекчилерге гана сүйлөп турууга укук берели. Алар толугу менен жоопкерчиликти моюнга алышкан, керт башы менен жооп берет. Демек, ошол адамдар маалыматты туура, так айта алат.
Ал эми Россиянын ролу тууралуу айтсак, ооба, бир жыл мурунку Тажикстандын кол салуусунан кийин бул багытта абдан көп сөздөр чыккан. Бирок бүгүнкү шартта Борбордук Азияда кандайдык бир кагылыштын чыгышына Россия өзү кызыкдар эмес. Тескерисинче, Россия азыр санаалаш мамлекеттер менен достук мамилени чыңдоого бүт күч-аракетин жумшайт. Дүйнөлүк саясий-экономикалык кырдаалдан улам Россия буга мажбур.