Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 472

Кыргызда эчки тууй албай жатып, койго арачы болуптур деген сѳз бар. Мурдагы президент А.Атамбаев ошондой арачы болгонун, акыл үйрѳткѳнүн койбоду.

“УКМК кимдир  бирѳѳгѳ кылмыш ишин ойлоп таппастан, чек ара маселесин карашы керек!”- деп балп эттирди. Минтип айтканына жол болсун! Анын логикасына ээрчисек, ага козголуп жаткан кылмыш иштерин УКМК ойлоп таап, сүттѳн ак жеринен камалып отурган экен да.  Ушундай бет тырмоочулугун, наадандыгын, эки жүздүүлүгүн качан токтотот? Атамбаевдин Кыргызстанга, кыргыз элине кылган кылмыштары, кыянатчылыгы тѳѳ кѳтѳргүс экенин ѳзү билгиси келбесе, кыргыз эли жакшы билет. Чек араны коюп, кылган кылмыштары үчүн мыйзам чегинде жооп берүүнү, жегендерин “кусууну” ойлосо болор эле…

Ал эми чек ара маселесине келсек, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы  кырдаал УКМКнын, анын жетекчиси К.Ташиевдин тыкыр кѳзѳмѳлүндѳ турууда. Чек ара маселелерине жооптуу адам катары К.Ташиев тажиктердин чагымчыл аракеттерине каршы ыкчам чараларды кѳрүп, тажик тарап менен сүйлѳшүүлѳрдү жүргүзүп, кырдаалды алдын алып турукташтырууда. Мурда чек ара аймагындагы чыр чатактар үчүн конкретүү эч бир мамлекеттик орган, кызмат адамы жооп бербей келген болсо, азыр бул маселе УКМКнын милдетине кирген. Анын  жетекчиси К.Ташиев ѳз жоопкерчилигин сезип, бул багытта күндѳп-түндѳп иш алып барып келүүдѳ.

Чын чынына келгенде абактагы мурдагы президенттин Баткендеги чек ара кѳйгѳйлѳрүн урган деле жери жок. Болгону чек ара маселелерине жооптуу К.Ташиев болгондуктан, УКМКны каралап, анын арты менен К.Ташиевге кѳѳ жапкысы келип атпайбы.