Саясат талдоочу Алмазбек Акматалиевдин Россия-Украина кырдаалы тууралуу пикири:
- Стамбулдагы жолугушуудан соң согуш жакын арада бүтөт деген кичинекей болсо да үмүт пайда болгонун баары белгилеп атышат. Эми Украина талкаланган экономикасын оңдоп-түзөө менен, ал эми Оруссия узакка созулчу санкциялар менен күрөшүү жаатында алектенгени калды көрүнөт.
Украинага го Батыш чечкиндүү түрдө финансылык жардам берип, бутуна тез эле туруп кетеери шексиз. Орусия болсо тек гана өзүнө таянганы калды. Путиндин "дос эмес өлкөлөрүнө" газ-нефть сыяктуу минералдык ресурстарды тэк гана орустун рублине сатуу чечими бул стратегиялык жактан өтө маанилүү болгону калды! Бул кадам менен бир топ ишти биротоло чечкенге белсенди орус лидери. Эң негизгиси, батышка күч берип аткан доллардын кунун түшүрүү. Экинчиси, Батыш коалициясын ичинен ыргылжың кылуу. Үчүнчүсү, рублди күчөтүү аркылуу дүйнө жүзүндө көп багыттуу, көп векторлуу саясатты орнотуу.
Албетте, Оруссия чоң рисктерге барып жатат. Себеби бир эле: башка айласы жок! Такыр жок! Азыр рубль дүйнөлүк валютанын бирине айланса гана Орусия Батыштын өтө мерчемдүү санкцияларынан ийгиликтүү өтө алат жана экинчи дем алып, мындан да күчтүү экономикасын курганга жетишет. Башка жолу жок, аларга эч ким жардамга келчү түрү жок. Орустар өздөрү айтмакчы: пан или пропал...