Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 227

Жогорку Кеңештин депутаты Медербек Алиев “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун даярдап, аны коомчулуктун талкуусуна чыгарды. Долбоордо экономикабызга акчалай жана материалдык түрдө 500 миң доллардан ашык инвестиция салган чет өлкөлүк жарандарга жеңилдетилген түрдө Кыргызстандын жарандыгын берүү каралган.

Ал суммага: Кыргызстандын банктарына 5 жылдык мөөнөттөн кем эмес убакытка акча салынышы, же ошончо суммада өлкөбүздүн аймагынан кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөр, коммерциялык уюмдардагы үлүштөр сатып алуу, аймактарды өнүктүрүү боюнча Министрлер кабинети тарабынан иштелип чыккан атайын инвестициялык программаларга жумшоо, стартаптарга, IT индустриясын жана алдыңкы техникаларды, технологияларды курганга салынгандар кирет.

Депутаттын демилгеси жакшы максаттан улам жаралгандыгында шек жок. Бирок, ал өз натыйжасын береби, потенциалдуу инвесторлорду чындап кызыктырабы, кеп ушунда. Буга чейин инвесторлорду кызыктырып, айрымдар айтып калышкандай, “инвесторлор үчүн бейиш түзүү” боюнча не деген гана укук-ченемдик нормалар кабыл алынбады, кандай гана чаралар колдонулбады: демократияны, адам укуктарын жараналадык, салыктардын айрым түрлөрү азайтылды, визалар жеңилдетилди, агенттиктер, министрлик да түзүлдү. Эл аралык жыйындарда, чет өлкөлөргө иш сапарлары менен барганда мамлекет башчысы баш, Өкмөтү каш болуп, баардык чиновниктер инвесторлорду чакырышат. Бирок, ачык эле айталы, инвесторлор келип деле жарытпады. Анткени, биздеги ар эки-үч жылда кайталанган ополоң-тополоңдор, аларды коштогон чет элдиктердин ишканаларындагыларды уруп-сабап, жабдууларын, мүлктөрүн талкалап, өрттөөлөр, жол тосуулар, опузалоолор потенциалдуу инвесторлордун көңүлдөрүн кайт кылып таштады. Алар демократия, адам укуктары, жеңилдиктерге көңүл да бурушпастан чыныгы авторитардык болгон менен саясый абалдары туруктуу, эли тартиптүү кошуна өлкөлөргө кетишүүдө. Азыр инвестиция тартуу жагынан Өзбекстан менен Казакстан лидерлерден. Анткени, инвесторлорду демократия, адам укуктары, арзыбаган жеңилдиктер кенедей да кызыктырбайт. Аларды баштагандарын тынч, туруктуу ишке ашырып, сарптагандарын өздөрү болжогондой таза кирешелер менен кайтарып алуу гана кызыктырат. Ал эми ызы-чуулуу, эли тартипсиз, сырттан келгендерге Өкмөттөн тартып, айыл башчыларына, андагы тынчы жокторго чейин омуроолоп ороңдоп, опузалап, бир нерсе алгысы келе берген жерге эч кимдин келгиси, инвестициясын ар кимдерге талатып, жок жерден чыгымдарга учурай бергиси келбейт.

Бул өңүттөн алганда, депутат Медербек Алиевдин долбоорунда прагматикалык эсеп-кысапка караганда романтикалык, баёолук маанай үстөмдүк кыларын ачык эле айтыш керек. Өнүккөн демократиялуу өлкөлөрдүн байларына Кыргызстандын жарандыгынын таптакыр кереги жок. Аларга АКШнын, Улуу Британиянын, Германиянын, Италиянын же Польшанын ж.б. жараны болгону ашыгы менен жетишет. Башка өлкөлөрдүн жарандыгы запастагы аэродром катары эл аралык аферисттерге, наркобарондорго, тыюу салынган экстремисттик, радикалдык уюмдардын лидерлерине керек. Бирок, андай ашыкча баш ооруулардын тиричилигин эптеп кылдыратып өткөрүп жаткан Кыргызстанга кереги жок.

Мына ушуларды эске алганда, депутат жигиттин демилгеси, “бекер отургандан көрө, айранга көбүргөн туурап жеген артык” (ал адамдын ичин өткөрөт) же “боёкчу, боёкчу десе...” дегендей эле көрүнөт. Башка өлкөлөрдүн мыйзамдарынын бирин интернеттен чыгара коюп, андагы өлкөнүн аталышын өзгөртө салып эле “мен мыйзам долбоорун даярдадым, кабыл албасаңар болбойт” деп сороктой берүү кимдин деле болбосун колунан келет. Антээрден мурда аны ар тараптан калчап, бул иштейби же жокпу, мамлекетке пайдасы барбы же жокпу деп таразалап, анан элге алып чыккандары оң.

Кыргызстанга инвесторлорду тартуу үчүн биринчи кезекте саясый туруктуулук, анан аларды сыйлап, колдоп, жардамдашкан тартип гана керек. Аларсыз инвесторлор үчүн чыгарылган укук-ченемдик актылардын, каалоо-тилектердин баары тыйынга да арзыбай турганын көрүп эле келатабыз.

Мирлан Дүйшөнбаев, Булак: “Майдан. kg” гезити