Жакын арада Кыргызстан «Байрактар» учкучсуз аппараттары менен аскердик машыгуу өткөрөт, деп билдирди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев.
Ал журналисттердин кыргыз-тажик чек арасындагы абал тууралуу суроосуна жооп берип жаткан.
«Биз бүткүл дүйнөгө «Байрактардын» мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтөбүз. Эми биздин мамлекеттин чек арасын дрондор дагы кайтарат.
Эгерде кайсы бир тараптан кандайдыр бир окуялар катталса, биз татыктуу жооп кайтарабыз», - деди Ташиев.
Булак: Баракелде