- Сиз мамлекеттик кызматта 50 жылдан ашуун иштеген экенсиз. Акыркы он жылда кыргыз эли сизди Садыр Жапаровдун эң жакын колдоочусу катары таанып калышты. Ушул боюнча айтып берсеңиз?
- Садыр Жапаров акыйкатсыз саясий куугунтук менен кармалганы боюнча изилдеп жүрдүк. Чын эле акыйкатсыздык болдубу же калппы деп. Менин тегерегимдеги аксакал жакын жолдошторум менен мамлекет качан өнүгөт деген маселени талкуулап калчубуз. 30 жылдан бери бир канча жолу бийлик алмашуу болуп, нукура салтыбыз унутта калып, экономикабыз артка кеткени жашыруун эмес да. Бул жааттан дүйнөгө таанымал болдук. Биз ушул маселелерди айтып, анан мамлекет башына союздун тарбиясын алган жетекчи келсе экен деп, өзүбүз да караштырып жүрдү. Мен азыр 70 жаштамын, менин тегерегимдегилер да ушул куракта, биз союздун тарбиясын алганбыз, ошондуктан, ал кездеги кадрлар кандай болоорун жакшы билебиз. Садыр Жапаров камалгандан кийин анын көтөргөн демилгелерин иликтеп баштадык. Чын эле туура маселени көтөрдүбү же эл алдында өзүн көрсөтүүгө гана аракет кылганбы деп. Чындыгына жеттик, “Кумтөр” боюнча жанын сайып койгонун билдик.
- Ошол убакта Садыр Жапаровду колдоо фондунун да жетекчиси болгон элеңиз...
- Көбү сурап жүрүштү, эмне кыласың дегенсип. Ал турмак балдарым деле “пенсияда тынч эле чай ичип отурбайсызбы”, - деп калышчу. Кыргыз элинин келечегине кантип кайдыгер карай аласың? Турдакун Усубалиев менен мен кийин ал киши депутат болуп, а мен Чүй облусунда иштеп жүргөнүмдө жакындан тааныш болгом. Ошондо ал кишинин ким экенин толук билгем. Так ошондой жүрөгү таза, жаны таза адамдар мамлекет башына келсе, кыргыздын келечеги кең болоор эле дедик. Садыр Жапаровду колдоо фонду түзүлгөндөн кийин бийликке бир нече жолу кайрылдык. 800 миңге жакын кол топтоп, Жапаровду эркиндикке чыгаруу өтүнүчүн келтирдик. Аксакалдарды, көрүнүктүү адамдарды, Баткенден келген энелерди мамлекет жетекчилигине киргиздик. Бирок бирөөсүнүн да сөзүн уккан жок.
- Садыр Жапаровдун президент катары расмий ишке киргенине бир жыл болду. Кандай ойлойсуз, президент элдин ишеничин актап жатабы? Кандай жакшы иштерин белгилей аласыз жана кайсы катачылыктарын айтат элеңиз?
- Садыр Жапаровго азыр элдин ишеними күчтүү, көпчүлүк эл ынанып турат. Мурда анын кылган иштерин чогуу изилдеген жолдоштор менен өзүбүздүн чөйрөдө сүйлөшүп калабыз, “так ушул бойдон таза эмгеги менен кете берсе жакшы болот эле”, - деп. “Кумтөр” деген оңой жоо эмес да. Ошону изге салып, кыргыз элинин колуна алып бергени эле өтө чоң иши болуп калды. Кыргыз өлкөсү үчүн ушул чоң жетишкендик. Мамлекет башчыга арткан үмүтүбүз чоң. Майда-чүйдө, күнүгө жасап жаткан иштеринин баары тең жылуу сөзгө алаарлык. Бирок кызматтан тайып калгандар, мурда “жеп” көнүп калгандар каршылык көрсөтүп жатышат. Анткен менен алар деле кыргыз элинин ичиндеги кыргыздар да. Мамлекетти ойлошсо, бизге тынчтык керек, өлкөбүз өнүгүшү керек деп акыл калчашса, элди көтөрүп кетели деген сезим менен жашашса президентти колдоого алып калышаар.
Кемчилиги – кадрдык маселеде болуп жатат. Бул эми тактика да, мамлекетти башкаруу оңой эмес турбайбы, бир ишкананы башкарып жаткан жери жок. Балким чөйрөсүндөгүлөр абалды толук кандуу билбей жатышкандыр.