Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 1247

Өткөн аптадагы Акылбек Жапаровдун маалымат жыйынында: “Кумтөрдөн” өндүрүлгөн алтын кайда, кимге, канчадан сатылып жатат деген суроо коомчулукта көп айтылганы менен жообу жок. Ушуну ачыктай аласызбы? Ошондой эле, “буга чейинки президенттердин баары “Кумтөрдөгү” коррупцияга аралашкан” деп айткан элеңиз. Аскар Акаев таптаза болуп чыкты. Ошондо сиздин айткан сөзүңүз жалган болуп калдыбы?” деген суроо узаттым эле, Акылбек Үсөнбекович бир топ жүйөлөрдү келтирип, сөз арасында: “Алтынды көргөндө периште дагы адашыптыр” дегендей, буга чейин президенттер дагы адашып жүргөн. Аларды көргөндө башкасы дагы адашып, “крыша” болуп жүрүшкөн. Камчыбек Кыдыршаевич “крышалардын” баарын жоюп, 31 млрд сом казынага түшүрдү” - деди. “Кумтөр” иши боюнча эле 31 млрд сом төктүрүптүр. Бул оңбогондой чоң сумма да. Бул мактай турган иш эмеспи. Жамандап, чукулай эле берген менен жыртыгыбыз бүтөлбөйт да ботом. Эмне үчүн ичитардык кылабыз, изги ишинен да кеп козгоп, белгилеп койбойлубу. Анткени, 2020-жылдын октябрь айынан 2021-жылдын этегине чейинки бир жылдык убакыттагы коррупция менен болгон күрөштөн 7,5 млрд сом түшүргөнүн да былтыр Садыр Жапаров маалымат жыйынында белгилеген. Артка бир көз чаптыралыкчы, буга чейинки УКМКнын жетекчилеринин бири да мындай иштеген эмес да. Атай айтсак, М.Суталинов, К.Дүйшөбаев, А.Сегизбаев, О.Опунбаев саясий буйрукту гана аткарып, жеке кызыкчылыктан өйдө чыгалбай, тымпыйып отурушкан. Аны эч кимибиз жокко чыгара албайбыз. Мисалы, С.Жээнбековдун үч жылдык башкаруусунда УКМК болгону бир миллиард 220 миллион 42 миң сому өндүргөнүн айткан, бирок анын 477 миллион 900 миң сомун гана Бирдиктүү депозиттик эсепке которушуптур. Мындайча айтканда, алар үч жылда 1 млрд сомду араң өндүрсө, К.Ташиев “Кумтөрдү” иликтеген үч айдын ичинде 31 млрд сом “кустуруптур”. Андан ары аңтарып, ошол 2020-жылды эле алсак, төңкөрүш болгонго чейинки 10 айда О.Опумбаев 116 миллион сомду бюджетке кайтарса, К.Ташиев 2 айда 3 миллиард сом өлкө капчыгына салган. Бир жылга жакын убакытта жалпы 7,5 млрд сомду чапчып отурат. Эгерде УКМКнын алдындагы коррупциягы каршы кызмат жоюлбаганда, К.Ташиев дагы бир далай сумманы казынага төктүрмөк. Аны бөркүбүздөй билебиз. Негизи, досунун колдоосуна таянып, аны бийликке алып келгенин колко кылып, УКМК жабык орган экенине шылтоо кылуу менен мурдагы жетекчилердей жеке кызыкчылыгын гана канаатандарып жатып алса деле эч ким кой-ай дей алмак эмес. Мисалы, далай эрендер эл арасында жүргөндө бакылдап, анан бийликке келери менен тымпыйып калганын көрүп эле келе жатпайбызбы. Алыс барбай азыркы бийликте жүргөн М.Мамытканов, Т.Асанбеков, Т.Масадыков, Б.Аманбаев өңдүүлөрдү далил катары айтсак болот. Бирок Камчыбек Кыдыршаевич андайга дити барган жок, элге колунан келишинче жардам бергенге аракеттенүүдө. Муну айтып койсок неге болбосун. Албетте, саясий айдыңда олку-солкулуктар бар. Кыргызды сактап калган Манас атабызды деле: “Эрдигиң бар эсиң жок” деп айтышкан го. Ооба, азыр айрым камоолор болуп жатат. Негизи, бийликти коргоо буга чейин эле болуп, аржак-бержактан тиш салгандар менен кармашып келген. Буга чейинки президенттердин убагында жазыксыз кимдер гана камалган жок. Атургай, бийлигин сакташ үчүн чекесинен сулаткан учурларды да баштан кечирбедикпи. Эң башкысы, азыр өткөн бийликтегилердей саясий алкакта абакка салгандарды 15-20 жылдап соттогон жок. (С.Жапаров, Ө.Текебаев, Б.Талгарбеков, Б.Асанов, К.Кадыров ж.б. өңдүү). Кичине Ормон опуза кылымыш болуп, кайра чыгарып жатат. Оор айып менен мурдагылар сындуу узак мөөнөткө соттоп жиберүүдөн алыс экендигин көрсөтүүдө. Бул да болсо биздеги айкөлдүктүн ойгонгондугунун белгиси. Баса, ушул жерге К.Ташиев чегара кызматынын материалдык-техникалык базасын чыңдаганын да кыстара кетпесек болбойт. Заманбап курал-жарактарды сатып алып, Түркиянын учкучсуз учактары менен жабдыганы чоң эрдик болду. Буга чейин муну эч бир жетекчи ойлогон эмес. Айтор, Камчы акенин алабарман жүрүшүндө айта турган ийгиликтер өтө арбын. Азыр ар нерсени айтканыбыз менен өйдө-ылдыйын убакыт таразалайт. 

Баса, 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо “С.Жапаровду абактан чыгаралы” деген ураан алдында “Мекенчил” партиясынын штабында тер төгүп, эки лидердин С.Жапаров менен К.Ташиевге бейнесин жазган элем, азыркы ат жалындагы ойго ошону да айрым кошумчалар менен тиркеп коюну эп көрдүм.

Камчыбек Кыдыршаевичтин өмүрүндөгү чоң бурулуш 2005-жылы эл өкүлү болуп шайлангандан кийин башталды. Чечкиндүү кадамдарынан элге аты чыгып, бүт өлкөгө таанылды. Депутат кезиндеги оош-кыйышта өзүнүкүн бербеген көкжал экенин тастыктап, «Реформа үчүн» кыймылы өз тарапташтарынын басымы менен Конституцияны кабыл алдырган маалда жалгыз өзү каршы турганы өзгөчө сыйга арзыган. Камчыке ошол окуяда эч кимге баш ийбестигин тастыктаган. Эл өкүлү катары билек түрүнө иштеп, Отун-энергетика комплекси жана суу ресурстары боюнча комитетинин төрагасы болуп маңдай терин төктү. 2007-жылдын аягында Өзгөчө кырдаалдар министри болуп дайындалып, 2009-жылдын этегине чейин ийгиликтүү эмгектенди. Бул кызматта дагы эл-жерине күйгөндүгүн далилдеп, калайык журттан кадыр күттү десек аша чапкан болбойбуз. Кайсыл жерде кырсык катталса жеке өзү барып башында турган мыкты саамалыкты так ушул Ташиев баштап берген. Ага чейинки министрлердин бири да кабинеттен чыкпай, үйкүчүк болуп отурганы барыбызга маалым болчу. Маселен, Алай районунун Нура айылындагы чоң кырсыкта тикесинен тик туруп, элдин көйгөйүн кечиктирбей чечип бергени бүгүнкү күнгө чейин эл оозунда айтылып келе жатат. Андагы жасалган иштин фактысы бүгүн да кашкайып турганын билебиз. Ток этээрин айтканда, министр болгон учурунда иштин майын чыгара жасаган иштерман экенин, милдетти мойнуна тагып койсо баш көтөрбөй маңдай терин төкчү элдин кулу экенин далилдеп, аталган кызматта 2009-жылдын этегине чейин иштеди.   

2010-жылы «Ата-Журт» партиясын түзүп, парламенттик жарышта биринчи болуп киргенин айтпай кетпесек болбос. Шайлоочулардын 257100 добушун алып, сап башында утуп чыкканы мүлдө кыргыздын баарын таң калтырган. Ошондо атаандаш саясатчылардын далайынын «ичинде ит өлгөнүнө» күбө болгонбуз. Албетте, жеңиш оңой келген эмес, ага июндагы улут аралык коогалаң чоң таасирин тийгизди. Башкача айтканда, 2010-жылдын июнь айындагы окуя Камчыбек Ташиевдин чыныгы мекенчилдигин тастыктап, улутчулдук сапатын ачып берди. Өлкөнү өрт каптап турган маалда Камчыкең кара жанын аябастан алдыга суурулуп чыгып, эли-журттун биримдиги, мамлекеттин бүтүндүгү үчүн кыргыздын башында турганы чоң эрдик болду. Манас атабыз баштаган байыркы доордогу баатыр бабаларыбыздын баары өлүм менен өмүр кыл чайнашкан жерде кара башын аябай эл-жер үчүн душман менен кармашкан маалда аты чыккан, таанылган. Эр Табылды, Курманбек, Жаны-Байыш сыңары Камчыбек Ташиев дагы кандуу жаңжалда башын канжыгага байлап, өлүмдөн жалтанбай эл алдына чыкканы – бөксөрбөй турган кадыр топтоп берди. Маселен, 2010-жылдын 14-июнунда Жалал-Абад шаарында топтолгон 20 миңдей кыргыз Сузакка агылып жөнөгөндө, солдаттарды БТР менен жолду торой тостуруп, «Силерди Сузакка өткөрбөймүн! Өткүңөр келсе, мына мени атып, өлүгүмдү тебелеп туруп анан өткүлө! Менин кунумду эч ким куубайт! Силер үчүн жанымды бергенге даярмын! Өтпөгүлө!» - деп көшөрүп туруп токтотуп, андан кийин Ош-Бишкек жолунан ары-бери өткөн кыргыздарды атып жаткан Сампадагы сепаратисттерге өзү жалгыз барып сүйлөшүү жүргүзгөнү, аларды тынчтык жолу менен таратканы – чоң эрдик болгонун эч кимибиз тана албайбыз. 

«Менин тилегим» китебинде Камчыбек Ташиев «Сампадагы» учурду төмөнкүдөй белгилеген: «Сампага» 200 метрдей жетпей машинени токтотуп, өзүм жалгыз түшүп, куралчан адамдарды көздөй басып бараттым. Чынын айтсам басып бара жатып коркподум, элдин жүгү мойнумда эле. Барып чынында эле “Сампадагы” куралчан адамдарды көрдүм, жолуктум, сүйлөштүм. Алардын көбү азыр түрмөдө олтурушат. Мен аларга эмне максатыңар бар, эмне үчүн жолду тосуп, адамдарды аткылап жатасыңар, токтоткула, элдин эртеңкисин ойлобойсуңарбы» дедим. Мага өзбектер эч бир жаман сөз айтышкан жок. «Бир гана талабыбыз бар. Сузакты көздөй келаткан кыргыздарды токтотуңуз, ушуга кепилдик бериңиз, биз анан тарайбыз» деди. Мен кепилдик берем, кыргыздар Сузакка өтпөйт, силер бул жерден кеткиле дедим да кайрадан машинаны көздөй жөнөдүм. Кайтып баратып эмнегедир коркунуч басты. Артымдан келип тийчү окту күтүп, тердеп чыктым» - деп жазган Камчыбек Ташиев.

Карайлычы, ошол күндөрү бийлик башындагы лөктөрдүн эч кимиси кагылышуу болгон жана кан төгүлүп жаткан жерлерге батынып баралган эмес. Кара жанын корголоп, качып жүрдү. Кылчайнашкан кыргында Камчыбек Ташиевди деле атып салышы толук мүмкүн болчу. Мисалы, Нариман айылына элди тынчтандыруу үчүн барган Кара-Суу районунун РОВДсынын начальнигин сепаратисттик топтор кармап алышып, тирүүлөй машинесинде өрттөп, шопурунун башын кесип каналга ыргытып жибергенин билебиз. Андан башка дагы канча бейкүнөө өлүмдөр катталып жаткан маалда башын канжыгага байлап барган Камчыбек Ташиевдин эрдиги биринчиден элдин ишенимине арзыды, калк ичиндеги кадырын арттырды. Экинчиден, чыныгы мекенчил экенин, жүрөгү эл-жер деп согорун тастыктады. Кыргыз дегенде ичкен ашын жерге койорун, кара жанын аябастыгын далилдеди. Тарых тастыктагандай, өлкөгө мекенчил инсан гана күйүп-бышат, өнүгүп-өстүргөнгө аракеттенет. Элин сүйгөн киши гана жерине чыккынчылык жасабайт. Ал эми демократияны оозунан түшүрбөгөн эрендердин кейпин көрбөдүкпү, аларың мамлекеттин башына келери менен элдин байлыгын тоногонго маш экенин көрсөттү. Аларга тарых айдыңында чоң мүмкүнчүлүк берилип, жакшы заманды эңсеген эл өлүп-кырылганына карабай 2010-жылы бийликке жеткиришкен. Жок дегенде сааттай иштеген системаны орнотуп бергенге жараган жок. Башка эмнени үмүт кылабыз.

Баштагы сөзүбүзгө кайтсак, Камчыбек Ташиев 2011-жылдагы президенттик шайлоого катышып, административдик басым-кысымга карабай 264460 добуш топтоду. Бул ишеним далай саясатчынын ичин тарытты, өзгөчө бийликте турган Атамбаевдин кастарын тигишине түрткү болду. Ошол күндөн баштап саясаттан сүрүп чыгаруу планы түзүлдү. Ал күн сайын күчүнө кирип отуруп, баарына белгилүү «бейбаштык» окуясы катталган кезде кутум план ишке ашты. Чырагына май тамган Атамбаев атаандашын чалып жыгытып, каматып, узак соттошуулардан кийин саясатка аралаштырбаганга бардык күчүн жумшады. Жасалма окуялардын негизинде шайлоолордон четтетип, мандат бербегенге аракеттенди. Ошол маалдагы касташкан саясаттын пайдасын Бабанов көрдү. Колтугуна кире качкан шылуун-шумпайлар менен жүзмиңдеген добушту өз кызыкчылыгына пайдаланып, бүгүнкү күнгө чейин жыргап жатат. Ошол жылдары Манас бабабыздын сапатындай «Эрдиги бар эси жок» агабызды алдап кетишти деп ачык айтсак болот. Бирок, Камчыкенин кадыры кемиген жок, аны 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо көрдүк, жалгыз өзү аттанып, парламентке кирди. Акчасын самандай сапыргандардын аты-жыты да чыккан жок. Албетте, эл колдоосуна ээ болушунун себеби, анын эрдигинде болду. Калктын иштерине колунан келишинче жардамдашкандыгынын акыбети кайтты.

2020-жылдын 5-октябрынан берки окуяларга барыбыз күбөбүз, шайлоо маалында абакта жаткан Садыр Жапаровду “президент кылам” деп жүгүрүп жүрүп, (Кудайга үнү жеткен экен) аны ишке ашырды. Бул аракети менен достуктун бийик үлгүсүн көрсөттү. УКМКга келгенден бери мамлекеттин кызыкчылыгына төп келген иштерди жасоодо. Криминалды ооздуктоо, коррупция менен күрөшүү жаатында дагы калктын купулуна толор кадамдар ташталды. “Кумтөр” боюнча иштер аткарылууда. Элдин үмүтүн үзбөйт деген ишенимдебиз. жан

Зулпукаар Сапанов, Булак: "Жаңы Ордо" гезити