"Бүгүн жакшы иш болду. Жогорку Кеңешке Президент Садыр Жапаров келип, жакшы сөз айтты - "Келгиле, ынтымак менен, биргелешип боло турган оор акыбалдан чыгалы, саясий көз караштарды четке койуп туралы". Кантип муну туура эмес деп айтамын? Турган маселе, жакынкы арада өлкөбүздө көптөгөн коркунучтар пайда болушу мүмкүн.
Бир саат убакыт өтпөй, депутаттар атайын комиссиянын сунушун колдоп, кесиптешин, Адахан Мадумаровду жоопко тартууга жол беришпеди. Биз Адахандын иш аркетинде кылмыш жок деп таптык. Ушуну менен чекит коюлду. Туулган күнүнө белек болду. Кесиптештериме ыраазычылык билдиремин.
Сын пикир болот, Өкмөт туура эмес иштесе биз ачык айтабыз, бирок сунуш менен кошо. Элдин алдында - Президент, депутат, министр бирдей аталат - БИЙЛИК! Жоопкерчилигибиз да бир.
Корутунду - урушабызбы же жокпу, макул болобузбу же жокпу - эң башкысы өлкөнү жана элибизди жоготуп албашыбыз керек", - деп жазды депутат Исхак Масалиев соцтармактагы баракчасына.