- Эрнест мырза, эмнеге өкмөттүн кымбатчылыкты алдын алайын деген аракетинен майнап чыкпай жатат?
- Азык-түлүк инфляция өсүүдө өлкөдө. Өкмөттүн мүчөлөрү “импорттолгон инфляция” деп жатпайбы, мунусу туура, дүйнөлүк Бретон-Вуд экономикасында чоң структуралык кризис болуп, киреше алып келбей, дүйнө жүзү жаңы экономикалык моделдерге өткөнгө даярдык көрүүдө. Бул объективдүү көрүнүш. Бирок, кыргыз өкмөтү ишти алдыга албай жатат, Токтогул суусунун азайганын Жаратканга жүктөп, кымбатчылыкты кризиске шылтап, өзүбүздүн өндүрүүчүлөрдү колдоп, өзүбүз чыгарбаган азык-түлүктү көбүрөөк сатып алып, мамлекеттик матрезервди толтуруш керек. Кризис токтобойт, баа мындан да жогорулайт! Ошон үчүн “өзүбүздүн экономикалык өндүрүш контурубузду түзүп, өтүшүбүз керек”- деп жылдап какшап келебиз. Баягы эле либералдуу көз каранды (базар шарты өзү түздөйт деген идеология) экономикабыздан чыкпай атабыз. Же планы жок, же өлкөнү кайда алып баратышканы көрүнбөйт. 10 миллиард доллар, 100 миллиард доллар сарптайбыз деген жомокторунан башка реалдуу экономиканы элге сунуш кылыш керек. Кризистерде, кыйынчылыктарда мощенник, жуликтер көп пайда болот. Ала: “эч проблема жок! Баарын курабыз, Айга учабыз”- деп ишендиришет, каржы пирамидалар жана башка нерселер пайда болот. Президент ушуларды жолотпосо жакшы болот эле. Кризисте өлкө башчысы элди консолидация кылыш керек. Бир эле жол буга - идея, өлкөнү кайсы жол менен каяка алып барат! Мөөнөтү менен планын цифралары менен көрсөтүш керек! Ошондо эл эрчийт, биригет, колдойт! Азыркы Министрлер Кабинети ойлоп табуу менен алек болгондой сезилет. Ошон үчүн элде ишеним жок.
- Айдоо жерлерин кеңейтебиз, дан эгиндерин эгебиз дегени тамак-аш коопсуздугун алдын алуу аракетибиби?
- Албетте, бул да тамак-аш коопсуздугун алдын алуу аракети. Бул бир жылда эле эффект бере турганы. Антпесек баа өсүп атат, өсө берет. Демек, азык-түлүктү көбүрөөк алдын ала сатып алыш керек.
- Абалдан чыгуу үчүн Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди колдош, ишеним көрсөтүш керекпи?
- Садыр Жапаровду, Камчыбек Ташиевди колдоп, ишеним көрсөтүш керек. Булар Кыргызстандын тарыхын өзгөртө турган кыргыздын жигиттери! Ал үчүн болгонун болгондой, артыкчылыктарын жана кемчиликтерин ачык айтып турушубуз керек. Булар кыргыздын жаңы тарыхын жаза турган жигиттер!
Булак: “Майдан. kg” гезити