Украина менен Россиянын ортосундагы аскердик тирешүү акыл-эстүү¸ аң сезимдүү логикадан чыгып, иррационалдуу көрүнүшкө айланып бара жатат. Адатта бир мамлекетти басып кире турган өлкө өзүнүн чыныгы максатын, сокку ура турган багытын мүмкүн болушунча жашырат. Анткени, чабуул, басып кирүү канчалык күтүлбөгөн шартта ишке ашырылса, анын каршылашынын аскерлерин кыйратып, жеңүү мүмкүнчүлугү ошончолук жогору болору мурдатан тажрыйбада ырасталган. Алсак, фашисттик Германиянын басып кирерине 22-июнга чейин СССРдин жетекчилиги ишенген эмес, ар кандай маалыматтар көп болгон, бирок аларды кезектеги дезинформациялардан деп коюшкан.
Россия өткөн жылдын аягынан бери Украинанын айланасына аскерлерин, техникаларын топтоодо, ачыктан ачык ультиматумдук талаптарды коюуда. Ага жараша АКШ жетектеген НАТОго мүчө өлкөлөрдүн айрымдары Украинага заманбап курал жарактардан, аскердик инструкторлордон гана эмес, каржылык жактан да активдүү жардамдарды көрсөтүшүүдө. Ансайын Россиянын НАТОго талаптары күчөп, рационалдуу чектен чыгып баратат. Алсак, Россиянын жетекчилиги НАТОго мындан ары чыгышка карата жылбоого убаданы гана эмес, анын конфигурациясын 1997-жылдагы абалга келтирүүнү талап кылганга өттү. Бул деген Прибалтика республикаларын, дагы бир катар өлкөлөрдү НАТОдон чыгар дегенге барабар. Аны эч качан НАТО аткарбайт, антсе Россиянын алдында капитуляцияга баргандай болмок, аны Россиянын жетекчилиги да эң сонун билет. Бирок, анда эмнеге Владимир Путин АКШга, Батышка андай аткарылбай турганы алдын ала айдан ачык болуп турган талаптарды коюуда?
Өткөн жуманын акыркы күндөрүндө Россия өздөрүн Луганск, Донецк республикалары деп жарыялап алган аймактардын согушка жарабаган жарандарын эвакуациялай баштады. Бул иш да түшүнүксүз суроолорду жаратууда. Ал эми 21-февралдын түнүндө В.Путин Луганск менен Донецкийдин эркин республикалар экенин тааныган Жарлык чыгарды. Аталган эки облустта 4 миллиондон ашык адам жашайт, алардын 700 миңден ашыгы Россиянын паспортторун алышкан. Логикага ылайык, эгерде согуш башталса, аскердик иштерге тиешелери жок жарандар набыт болбошу үчүн 2 миллионго жакын адам Россияга эвакуациялануусу керек. Анча адамды жайгаштырганга Россиянын мүмкүнчүлүгү жетеби? Жетиши ыктымал, Россия чоң өлкө, бирок эки “республикадагы” жай жарандардын баардыгы чыгарылып кетсе, алардын үй-жайлары, мал-келдери эмне болот? Кароосуз калгандарды ким аяйт? Алар эки тараптын аскерлери, мародёрлор тарабынан таланып, тонолуп жок болору талашсыз. Анда калкка ал жоготууларды ким компенсациялайт? Же бул да айрым серепчилер айтып жатышкандай, Украинанын куралдуу күчтөрүн сестентип, Батыштагылардын кучунаштарын күчөтүү үчүн эле жасалып жаткан “спектаклдерби?”
АКШнын президенти Джо Байден Россиянын Украинага кеңири масштабда кол салуу мүмкүнчүлүгү чоң экенин кайра-кайра эскертүүдө. 16-февралда Россия Украинанын басып кирет деди эле, ал ырасталбады. Бирок, Россия Украинага чектешкен жерлердеги аскерлерин күн санап көбөйтүүдө. Джо Байден алардын 190 миңге жеткенин маалымдады. Луганск, Донецк “республикалары” калктын аскерге жарактуу бөлүгүн мобилизациялоодо, Владимир Путин да андай Жарлыкка кол койду. Украинанын президенти Владимир Зеленский Джо Байден кой дегенине карабастан Мюнхендеги коопсуздук боюнча кеңешмеге барып, эгерде НАТО Украинага активдүү жардам көрсөтпөсө, “ядролук куралдарды өткөрүп бергендиги үчүн АКШ, Россия, Англия Украинанын чек араларынын кол тийбестигин, коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндөгү 1994-жылдын 4-декабрындагы Будапешт меморандумунан чыгып”, ядролук курал жасоого киришерин айтты. Ага Украинада кадрдык, технологиялык мүмкүнчүлүктөр жетишет. Россия эч качан Украинанын кайрадан ядролук макамдагы өлкө болушун көргүсү келбейт.
Логикага ылайык, эми согуштун башталышы эле калды. Бирок, чыныгы акыл эстүү прагматикалык өңүттөн алганда согуштун башталышына ишенүү кыйын. Анткени, ал согушта Россиянын жеңгенинен жоготуулары көп боло турганы ачык эле көрүнүп турат.
Биринчиден, Россиянын 190 миң аскери, эки “республиканын” 50 миңдей кошуну калкы 45 миллион адамдан ашкан чоң мамлекетти басып киргенге жетишсиз. Украинанын регулярдуу армиясынын саны 250 миң, алардын жарымынан ашыгы сокку күтүлгөн аймактарда. Андан сырткары атайын күч кызматтарынын карамагындагылар 100 миңге жакын, элдик кошунга тартыла тургандар да жүз миңдеп саналат. Алгачкы соккуларга удаалаш кеңири аймактарды басып алуу үчүн басып кирген тараптын аскерлери коргонуп жаткандардан эң кеминде 3-4 эсе көп болуусу зарыл. Анткени, коргонгондорго караганда атакага өткөндөр көп жоготууларга учурашат.
Экинчиден, Украинанын коргонуу куралдары Россияныкынан калышпайт, айрымдары аныкынан кыйла натыйжалуу, сапаттуу. Демек, басып кирүү да жеңилге турбайт.
Үчүнчүдөн, Россиянын аскерлери Украинаны бомбалап, аткылай баштаган сааттан тартып НАТО өлкөлөрү Россияга карата “тозоктун” санкцияларын киргизишет. Россиянын экономикасы, каржы системасы 3-4 айда кыйроочу чекке жакындап, рубль болуп көрбөгөндөй девальвацияга учурайт. Россия Украинанын канча аймагын басып албасын, ал жактардан тез эле кайра чыкканга аргасыз болот. Тоталдык партизандык согушка чыдай албайт.
Төртүнчү, бешинчи, алтынчы... деп аргументтерди келтире берсе болот, алар аз эмес. Биздин оюбузча, Россиянын жетекчилиги Батыштагылардын алдамчылыгына, карөзгөйлүктөрүнө чындап жини келгендиктен гана Украинага кошо аларды да опузалоодо. Алсак, Россия 9,5 миллиард еврого Европага жылына 55 миллиард кубометр газ жеткире турган “Северный поток-2” кубурун курду эле, АКШнын кысымы, басымы менен ал бир жылдан бери иштебей турат. Эгерде ал иштей баштаса Россия андан жыл сайын 6 миллиард доллардан киреше алмак. Социалисттик лагер, андан кийин Союз таркап жатканда НАТОнун жетекчилери чыгышка карата жылбоо жөнүндө убада беришсе, ал да аткарылбады. НАТОго кирген өлкөлөрдүн көпчүлүгү ыгы келген-келбеген жерлерде деле Россияга бут тосууну адатка айландырып алышты. Эмне үчүн Россия Украинаны басып киргизи келип жатат, ал тууралуу оюбузду мурдагы макалада айтканбыз.
Мына ушундай жана бул жерде айтылбай калган себептерден улам Россия Украинага кошо Батыштагыларды да опузалап жатат. Бирок, кандай болжолдор болбосун ал опузалардын ишке ашуусу, Россия үчүн күткөндөй натыйжа бериши кыйын. Тилекке каршы, АКШнын жетекчилиги Россияны дипломатиялык сүйлөшүүлөргө чакырымыш болгон менен иш жүзүндө анын тезирээк Украина менен кагылышып кетишин каалап, эңсеп тургандай таасир калтырууда. Джо Байдендин “АКШ Украина үчүн согушпайт” дегени деле Россияны адаштырып, эптеп кагылышууга түртүп жиберүү үчүн эле айтылып жаткансыйт. Эгерде канабайран башталып кетсе, АКШ бир нече күн күтүп туруп, анан бир нерсеге шылтоолоп позициясын кескин өзгөртүп, ачык эле Украинага кошулуп кетиши да мүмкүн.
Россиянын жетекчилиги, албетте, андай потенциалдуу коркунучтун бар экенин билет, НАТОго каршы өзү жалгыз калгысы келбейт. Бирок, конфликтиден максималдуу пайда чыгарып алгысы же жок дегенде талаптарынын бирин да болсо аткартып алууга жетишүүнү гана көздөөдө. Бирок, Россия үчүн ашкере опузалай берүү да опурталдуу. Анткени, АКШ улуттук коопсуздугуна реалдуу коркунуч туула баштады деп эсептесе, ал эч кимден кеңеш сурабай эле превентивдүү соккуларды ишке ашырып жиберүүсү да мүмкүн. А бул башка маселе...
Булак: “Майдан. kg” гезити