- Бекболот агай, жакында президентибиз Садыр Жапаровдун кызматына киришкенине бир жыл толду. Буга байланыштуу, президенттин бир жылдык ишине коомчулук ар кандай баа берүүдө. Президенттик кызматка киришүү алдында, бир катар убадаларды берген, аны сиз да жакшы билесиз. Ошол убадалардын канчасы аткарылды, бир жыл ичинде кандай иштеди?
- Албетте, бир жыл боюнча толук бааны берүүгө дагы эле эрте. Бирок ошентсе дагы, айрым жакшы иштерин, айрым кемчиликтерин айтканыбыз туура деп ойлойм. Жакшы иштеринен баштасак, биринчи - “Кумтөр” алтын кени. Бул көп жылдан бери кыргыз элинин көйгөйү, баш оорусу болуп маселе жаратып келди. Ал эми учурдагы бийлик терең териштирүү жүргүзүп, калыстык менен карап, Кыргызстандын пайдасына чечүүгө бир топ иштерди жасады. Буйруса деп туралы, жакында макулдашуу болот деп жатышат. Ушул маселе чечилип калса, бийликтин көзгө көрүнөөлүк иштеринин бири болуп калат.
Экинчиден, Садыр Жапаров бийликке келээрде коррупция менен күрөшөөрүн айткан. Бул жаатта да орчундуу иштер жасалууда. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин эмгегин белгилеп кетпесек болбойт, мурдагыдай кимдир бирөөлөрдүн ээлеп турган кызматына карабады, коррупцияга аралашкандын баарын жоопко тартты. Министрлер Кабинетинин төрагасынын айтымында, коррупцияга каршы күрөштөн бюджетке 31 миллион сом түшүптүр, бул абдан чоң акча. Эң негизгиси, улам келген бийлик мурдагы бийликти эле чукуй беришчү, өздөрүнүкүн көрүшчү эмес. Бүгүнкү бийлик, анын ичинде ошол коррупцияга каршы күрөштү жүргүзүп жаткан УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев мурдагылардан айырмаланып, өздөрүнүкүн да аяшкан жок. Ал турмак кайсы бир кызматка бекитилгенине бир жыл боло элек айрымдардын да былык иштери ачыкталууда. Мисалы, “Айылбанктын” кызматкерлери, Бишкек шаарынын вице-мэри кармалды. “Өздөрү алып келген кызматкерлер дагы коррупцияга аралашса, жазадан качып кутулбайт турбайбы?”- деген ишенимди жаратып жатышат.
Үчүнчүсү, чек ара боюнча толук маалыматты ала албай жатабыз, бирок бизге жетип жаткан маалыматка караганда кыргыз тарап бек туруп, Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоп жатыптыр. Балким, бул сыр катары коомчулукка маалымат айтылбай жатса керек. Биздин коргонуу мүмкүнчүлүктөрүбүз бир топ чыңдалды, өзгөчө Камчыбек Ташиевдин аракетинин артында тажиктер менен тең ата гана сүйлөшпөстөн, өз кызыкчылыгыбызды толук кандуу коргой алаарыбыз көрүнүп калды.
Ошону менен бирге кемчиликтерге да токтолуп кетишибиз керек. Биринчи кезекте, кымбатчылык абдан күчөп жатат. Мунун объективдүү да, субъективдүү да себептери бар. Объективдүүсү - пандемия. Субъективдүүсү - кадрлардын бир текши болбой, арасына начарлары кирип кетип жатканы, жогорку деңгээлдеги адистердин жетишпей турганы элди нааразы кылууда. Муну көңүлгө алыш керек. Райондук, облустук, республикалык деңгээлде карап, кадрлар кызматын жакшы аткарып жатабы, элдин көйгөйүн чечип жатабы деп анализдеп, ошого жараша чечим кабыл алуу зарыл. Дагы бир көйгөй - инвестиция тартуу боюнча. Бул боюнча жакшы эле пландар айтылып жатат. Бирок олуттуу инвестиция тартылып жатканын коомчулук дагы, биз дагы көрбөй жатабыз. Инвестиция жок өнүгүүбүз кыйын болуп калат.
- Садыр Жапаровдун дагы бир убадасы – “эл бийлигин орнотом” дегени. Ага жараша Конституция өзгөрдү. Бүгүнкү күндө Конституцияны сындап, “Ханституция болуп калды, эл бийлиги эмес, хан бийлиги орноду”- дегендер да бар. Ушул жагын ойлоп көрдүңүзбү?
- Мурдатан айтып, жазып да келгем. Соңку он жылда Убактылуу өкмөттүн Баш мыйзамы боюнча бизде парламенттик система эмей эле, анархиялык башкаруу орногон. Булар парламенттик башкаруунун маңызын бурмалап салышкан. Анын кесепетинен, элде “парламенттик башкаруу начар турбайбы”- деген түшүнүк калыптанды. Азыркы бийликтин бир чоң иши - анархиялык, башаламан башкарууга чекит койду. Бул жагы жакшы. Бирок жаңы Баш мыйзам боюнча авторитаризм орноп жатат. Тарых далилдегендей, бул кыска убакытка пайдалуу, үч жыл, максимум беш жылга. Бирок келечеги жоктугун Казакстандагы окуялар да көрсөтүп койду. Коңшу өлкөдө да авторитаризм алгачкы беш-он жылда оң натыйжасын берди, андан кийин тескери иштеп калды. Ал эми Садыр Жапаров балансты сактап кете алабы же бийлик кумарына азгырылып, биротоло авторитардык башкарууну орнотуп салабы - ушуну ойлонуш керек. Эгерде эки-үч жылча жеке бийлигин колдонуп, маселелерди чечип-чечип, андан кийин элдик бийлик орнотууга багыт алса, баарыбыз колдоп, кол чабабыз. Ошондуктан, бул маселе Садыр Жапаровдун жеке саясий эркине байланыштуу болуп турат.
- Бийликтин “Кумтөр” боюнча иштерин айтып өттүңүз. Өткөндө мамлекет башчысы дагы биринчи президент Аскар Акаев бул жаатта абдан көп жардам бергенин айткан. Бирок, бүгүнкү Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Акаевдин өзү болбосо да, жакындарынын “Кумтөр” ишине катыштыгы бардыгын билдирди. Туурасын айтып койсоңуз, Аскар Акаевдин күнөөсү барбы же жокпу, балким жакындары аралашканы чынбы?
- Аскар Акаевдин “Кумтөргө” байланыштуу аракеттерин абдан жакшы билем. Адвокаттары, өзү менен да сүйлөшкөм. 2003-жылда келишим түзүлгөн дагы, ошол учурда “Центерра” компаниясы жаңы түптөлүп, ага башка кендер да кирген. Менин билишимче, Монголиядан, Мексикадан, Түркиядан. Кийинки териштирүүдө ошол кендердин активи биздикине караганда 10-15 пайызга көбүрөөк эсептелип калыптыр деген шек жаралган. Аскар Акаев: “Мен мамлекеттик комиссияга да, өкмөттүк комиссияга да ишенгем. Чынында ошондой болуп калса, жакшы карабай койгонум үчүн моралдык күнөөм бар”, - деп элден кечирим сураган. Бул бир.
Экинчиден, Акаев “ичип-жеди” деген сөз жүз пайыз жалган. Акылбек Жапаровдун айтып жатканы – ушак. Акаевдин балдары, жакындарынын эч кимиси аралашпаган. Эмне үчүн ушинтип айтып жатканы мага да түшүнүксүз болуп турат. Себеби, 2012-жылы Атамбаевдин бийлиги израилдик “Мушкат” деген компанияны жалдап, Акаевдин “Кумтөрдөн” ичип-жегенин таап бергиле”- деген экен. Ал үчүн акча төлөнөт эмеспи. Анан алар бир жыл изилдешет, эч нерсе табышпайт, бирок акчаны акташ керек да. Ошондуктан, “Акаевдин жакындары “Кумтөрдөн” 55,5 миллион доллар чыгарып кеткен болуш керек”- деген божомолду жазып беришиптир. Ал документти мен депутаттардан сурап, өз көзүм менен көрдүм. Анан: “Мында эч кандай факты жок, божомолду кантип колдонуп жатасыңар?”- деп сурадым. “Биз колдонгон жокпуз, Акылбек Жапаров өзү эле айтып жатат”,- деп жооп беришкен. Акылбек Жапаров балким Акаевге жеке тирешүүсүнүн негизинде эле айтып жатса керек. Аскар Акаев Кыргызстанга экинчи жолу келип кетти го, ошондо УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин сурагам: “Акылбек Жапаров эмнеге калп маалыматты айтып жатат?”- деп. “Мен ал киши менен сүйлөштүм, ал тууралуу айтпайт”,- деген болчу. Бирок Министрлер Кабинетинин төрагасы аны жакында дагы кайталады. Мен бир нерсени гана белгилейм - Аскар Акаев “Кумтөрдөн” эч нерсе албаган! Муну Акылбек Жапаров Акаевге карата жеке кеги бар адамдай кайра-кайра кайталап жатат. Же ушинтип өч алууну ойлоп жатабы, табышмак.
- Сиз Акаев келип-кеткенден кийин “Курманбек Бакиевди да алып келиш керек” деген элеңиз. Ал коомчулукта талкуу жаратты. Бул ишке аша турган ойбу же жөн эле айтылып кеткен сөзбү?
- Эмнеге антип айттым? Себеби, Садыр Жапаров президенттикке ат салышканда, программасында “Мен кыргыз элинин башын бириктирем”,- деген. Кудайга шүгүр, тажиктердей болуп бири-бирибиз менен согушкан жокпуз. Алар жүз миң адам өлгөн жерде да ынтымакка келишкен. Биз да ынтымакка келишибиз керек. Садыр Жапаровдун жакшы иштеринин дагы бири - биринчи президенттин келишине жол ачып берди. “Келиңиз, ак болсоңуз, далилдеп бериңиз. Күнөөлүү болсоңуз жооп бериңиз”,- деп. Келди, ичип-жебептир, моралдык күнөөсүн моюнуна алды, ал үчүн соттолбойт да. Андан кийин коомчулукта көп суроо пайда болду. Мага “Биринчи президент келди, экинчи президент да келбейби”,- деп кайрылгандар болду. Мен айттым: “Албетте, Садыр Жапаровдун максаты кыргыз элинин ынтымагын чыңдоо. Курманбек Бакиевдин да элинен кеткенине он жылдан ашуун убакыт болду. Кандайдыр бир күнөөсү болсо, жазасын алды. Экинчиден, апрель окуясы боюнча көп маселелер бар, алардын чындыгы угулбады”,- деп. Жеке пикиримде, Бакиев да келип өзүнүн чындыгын айтып, күнөөлүү болсо жоопкерчиликке тартылып, күнөөсүз болсо акталышы керек. Жөн эле айтып койбой, конкреттүү сунуш киргизгем, эгерде Садыр Жапаров макул десе, мен ортомчу болуп, Минскиге барып, Бакиевге жолукмакмын. Биз губернатор болуп чогуу иштегенбиз, таанышпыз. “Курманбек Салиевич, Кыргызстанга келип, чындыгыңызды айтыңыз”,- дегенге даярмын. Андан кийин шайлоо, чек арадагы ызы-чуу башталып, президенттин бул маселеге кайрылууга мүмкүнчүлүгү болбой калды окшойт. Бул маселеге көңүл бурулуп калса, бул сөзүм мамлекет башчыга жетсе, кандайдыр бир пикирин айтаар.
- Акыркы кезде Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү тарабынан Камчыбек Ташиевге асылуу болуп жатат. Кандай маселе жаралбасын ал кишиге асылуу өнөкөткө айланып кеткендей. Буга себеп Ош окуясы боюнча кылмыш ишинин жанданып жатканы болуп жаткан жокпу?
- Бул боюнча так жообум жок. Болгону, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге, генерал Исмаил Исаковго тегерек столго отургула деп гана айта алам. Булар мен билгенден өчөшкөн душмандар эмес. Ошол маселелердин баары бет маңдай чечүү зарыл. Камчыбек Ташиев, Исмаил Исаков: “Ушундай пикир айтып жатыптырсыз, уюштуруп бербейсизби”, - десе, уюштуруп бере алам. Соцтармактардан, ММКлардан бирин-бири күнөөлөбөй, чогуу отуруп, чек ара же башка маселелер боюнча пикир келишпестиктер болсо, бир жыйынтыкка, бир бүтүмгө келүүгө толук мүмкүнчүлүктөрү бар.
- Коомчулукта дагы бир карама каршы пикир жаратып жаткан маселе – Батыштан каржыланган айрым ММКлар, бейөкмөт уюмдар кыргыз элинин ынтымагын бузуп жатат дешип, жабылышын талап кылышууда. Бул боюнча кандай көз караштасыз?
- Бейөкмөт уюмдардын баарын агент, душман деп күнөөлөгөндөн алысмын. Булардын өзүнүн уставы, максаты болот. Аны карап чыгыш керек. Эгерде алар кайсы бир социалдык маселелерди чечкенге багытталган болсо же адам укугунун бузулушун карап жатса, жаап салсак авторитардык өлкөгө айланабыз. А кокус саясий маселелер менен алектенип жаткан болсо, мышык-чычкан ойноп отурбай, жаап салыш керек. Саясатка киришип, элди коозутуп, төңкөрүшкө түртүп жатабы - аны далилдеп чыкса болот. Мындайда сөзсүз чара колдонуу кажет.
- Башкы прокуратура Жогорку Кеңешке депутат Адахан Мадумаровду жоопко тартуу боюнча сунуштамасын жөнөттү эле, депутаттар карап жатат. Сиздин оюңузча, бул туура чечим болдубу?
- Менин жеке пикиримде, бул туура эмес чечим. Такыр кошулбайм. Себеби, Садыр Жапаров да бул протокол боюнча айтып жатканда, бул күчүнө кирген чечим эместигин, чек ара маселеси качан гана келишим болуп, эки жактын тең парламенти ратификациялаганда күчүнө кирээрин айтты. Ошондуктан, юридикалык жактан Мадумаровдун кылганына баа бергенде, моралдык күнөө болуп калат. Ал эми кылмыш жагынан баа коюу туура эмес. Бул оппозицияга болгон кысым, басым, мурдагы бийликтерден калган оору. Колдон келсе, Жогорку Кеңешке жөнөткөн документти артка кайрып алыш керек.
- Кыштан аман-эсен чыгып алдык. Бирок алдыда көп көйгөй бар. Бийликке тез арада чечилиши керек деп кайсы көйгөйлөрдү айтат элеңиз?
- Баарынын жүрөгүн азыр кымбатчылык өйүтүп жатат. Министрлер Кабинети анын кесепетин азайтуу менен иштеши керек. Бүгүн Министрлер Кабинети экономика менен катуу алектенбесе болбойт. “Кумтөр”, коррупция менен күрөш, чек ара маселеси өз нугу менен кетип жатат. Ал эми кымбатчылык менен күрөшүү менин көз карашымда, өтө начар темпте. Бул социалдык чыңалууну жаратып, бир күнү жарылууга алып келиши мүмкүн. Натыйжалуу жолдорун издеп табуунун ордуна, салыктарды көбөйтөбүз дегени да ашыкча болду. Салыкты көбөйтүү менен бюджетти толтуруп, маселе чечебиз деген жаңылыштык. Андан көрө инвестиция табуу, тартуу, башка өлкөлөр менен мамилени жакшыртуу сыяктуу экономиканы өнүктүрүүнүн башка жолдорун карашса болмок. Жолго салынып калган иштерге асылбай, экономика менен алектенгилечи деп айтаар элем.
- Кеп соңунда сизге эркин микрофон.
- Кыргыз элибизге ынтымакты, биримдикти каалайт элем. Бири бирибиз менен тытышпай, улуу муун- кичүү муун, түндүк-түштүк же мурункулар – кийинкилер деп бөлүнбөй, биримдикте болсок, ийгиликке жетишебиз. Бизге төңкөрүштүн такыр кереги жок. Муну кыргыз эли унутушу керек. Садыр Жапаровдун мөөнөтү бүтөөрүнө 5 жылдай калды. Шайлоого барып, таза шайлоо өтүүсүнө баарыбыз аракет кылалы. Мындан ары президентти мыйзам жолу менен гана тандайлы.
Маектешкен Нургазы Анаркулов, Булак: “Майдан. kg” гезити