Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 161

- Исмаил Исаковдун бүгүн кокусунан чек ара боюнча эксперт болуп чыга калды. Анын айткандарына ишенесизби? Мадумаровду колдоп жатканын дагы көрүп атабыз.

- Генерал Исмаил Исаковдун баласы АКШга жакын аскер адамы. Ошондон улам генерал Исмаил Исаковду коомчулук шектенүү менен карап келет. Бу киши дагы Адахан Мадумаровго жан тарткан болуп, өлкөдөгү саясый процесстерди атайы күүлөп аткандай түр калтырууда. Адахан Мадумаров Коопсуздук кеңешинин катчысы, спикер, мамкатчы болуп иштеп жатканда Исмаил Исаков дагы Коопсуздук кеңешинин катчысы, Коргоо министри болгон. Адахан Мадумаров спикер кезде Каркыраны ратификация кылганда генерал Токон Мамытов Совбез болчу. Мадумаровго шыкак берип аткан ошол киши болгон. Публично интервью берип турган. “1400 гектар бизде калды, болгону 600 гектар эле казакка берип атабыз, биз утуп атабыз”- деп. Маалымат үчүн айта кетейин. Каркыра эбегейсиз чоң жайык жер. Ал союз кезинде бөлүнгөн. Союз тарагандан кийин казактар Каркыранын кыргыз тарапка караган эң көп жайыгын алуу үчүн, жөнү жок эле 2 миң гектарын талашат. Анан айрым генералдар казактын пайдасына иштеп, “ортодо 2 миң гектар талашка түштү” деп чыгышат. Жыйынтыгында “бизге 1400 гектары калды. Биз сүйлөштүк”- деп чекесинин терин сүргөн болуп, казактар бар болгону 600 гектар эле алып атат дешип, элдин башын айлантышат. Үзөнгү-Кууш боюнча деле ошондой сценарий болгон. Эң жаманы кошуналар кыргызга караган аймак ичинен каймактуу жерди алыш үчүн ашыгы менен талашышат. Анан алардын талабын эске алган болушат. Эң кызыгы, ушинтип жерлерди өз ара соодалашып келгенин генерал Исмаил Исаков менен генерал Токон Мамытовдор билмексен болуп отурушат. Булардын бул кылыгы үчүн жоопкерчиликке тартса, ефрейторго чейин даттанса аздык кылат.

- Алымкадыр Бейшеналиевге болгон ажонун ишеним кредити качан түгөнөт? Анын жасап жаткан реформалары элге пайдасын береби?

- Алымкадыр Бейшеналиевдин реформасынын жыйынтыгын президент дагы, эл дагы чыдамсыздык менен күтүп атат. Министр дагы жыйынтыкка иштеп жатат. Коомчулук, эл да моралдык жактан колдоп турсак, 1 жыл ичинде министрдин реформасынын жыйынтыгы чыгат.

- Министрлер Кабинетинин төрагасын кетирүү жаатында айрым депутаттар билдирүү жасашты. Акылбек Жапаровдун жасап жаткан иштери купулуңузга толуп жатабы?

- Акылбек Жапаровду жетиштүү сындап атабыз. Бирок, аракети жакшы. Кааласак да, каалабасак дагы жыйынтыгын күтүүбүз керек. Депутаттардын табияты ошондой. Гүүлөй берет, аларда жоопкерчилик жок.

Булак: «Майдан. kg» гезити