Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 333

- Исмаил Исаковдун бүгүн кокусунан чек ара боюнча эксперт болуп чыга калды. Анын айткандарына ишенесизби? Мадумаровду колдоп жатканын дагы көрүп атабыз.

- Генерал-лейтенат Исмаил Исаков Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнө көрүнүктүү кызмат кылып келген кадрдык офицер. Ал өз учурунда Чек ара кызматынын дагы кол башчысы болгон. Көптү билет. Ошондуктан көп нерселерди айтып салды. Менимче азыр жогорку генералитеттин ичинде көп пикир келишпестиктер орун алып жаткандай. Өлкө коопсуздугу үчүн бул опурталдуу көрүнүш. Коопсуздук Кеңеш тартипти катуу кармап, ачык прессага чыгартпай, генералитетти жабык эшик шартында чогултуп бир пикирге келише тургандай ишти уюштуруп койсо жакшы болмок. Анан гана бирдиктүү билдирүүлөрдү таратышса! Тажик тараптан ойлордун мындай чаржайыттыгы жок. Ошондуктан алар бизди маалыматтык согуштан жеңип жатышкансыйт, аттиң! Керек болсо, алар биздин ар бир генералдарыбызды, саясатчыларыбызды бири-бирине тукуруу тактикаларына дагы өтө башташкандай. Согуштук сыр дегенди сакташыбыз керек го, акыры?

- Алымкадыр Бейшеналиевге болгон ажонун ишеним кредити качан түгөнөт? Анын жасап жаткан реформалары элге пайдасын береби?

- Саламаттыкты сактоо тармагында эффективдүү реформа кылууга мүмкүн болбой калган. Баардык ресурстар бир ууч кландардын колунда турат. Министр аракет кылып эле жатат. Бирок, ар бир кадамы кандай гана каршылыктарга дуушар болууда. Ошону түшүнүп, президент ага ишеним артып турат го? Азыр медицина менен билим берүү тармагын реформа кылып, алдыга жылдырыш үчүн баардык кызыкчылыктарды жыйыштырып койгон, жанын оозуна тиштеген гана адам батына алат. Аны президент менен парламент ачык колдоп турушу керек. Андай болбосо азыркы аракеттер жөн эле профанацияга айланып кетет, дагы министрлер өлбөстүн күнүн көргөн жашоого өтүп алышат. Ошондой эле болуп келбедиби?

- Министрлер Кабинетинин төрагасын кетирүү жаатында айрым депутаттар билдирүү жасашты. Акылбек Жапаровдун жасап жаткан иштери купулуңузга толуп жатабы?

- Акылбек Жапаровдун кабинети акыркы 4 жылда өтө эле аянычтуу болуп кеткен экономикалык абал менен күрөшүп жатат. Эгерде, ойду-тоону сүйлөгөн кээ бир депутаттар дагы бир катаклизмге баргысы келишсе, абал андан бетер курчуйт. Акылбек мырзадан он эсе “акылдуу” төраганы алып келишсе дагы абал жакшы жагына өзгөрүү кыйын болуп турат. Ошондуктан, дагы бир жолу айтам. Азыр аткаруу бийлиги менен эл өкүлдөр бийлигинин паритеттүү тандеми аба менен суудай керек. Амбицияларды жыйыштырып, жаратмандык жолуна түшүү керек.

Булак: «Майдан. kg» гезити