Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 159

Анткени чек араны бөлүштүрүүдө эки тарап эки башка документтерге таянып, ачыгын айтканда, тажиктер биздин жерлерибизге көз артууда. Дал ушул максатта кыргыз бийлигине кысым көрсөтүү үчүн атайын кызматтарынын алдын ала даярдалган чагымчылык пландары боюнча кол салып, күч менен болсо да жерибизге ээлик кылууга умтулушууда. Бирок президент С. Жапаров, УКМКнын төрагасы К. Ташиев баштаган кыргыз бийлиги да бир карыш да жерибизди бербейбиз деген позицияда бекем турушууда.

Негизи 1991-жылы СССР кулагандан кийин анын курамындагы Союздук республикалардын жетекчилери Алматы декларациясына кол коюшуп, чек араны акыркы географиялык түзүлүш боюнча бөлүүгө кол коюшкан.

Тилекке каршы Тажикстандын бийлиги керек болсо өздөрүнүн мамлекети тургай, республикасы да түзүлө элек 1924-1936-жылдардагы документтерди шылтоо кылып, жыл сайын жер, суу талашы менен түрдүү аскердик диверсияларды жасап келет.

Мындан учурда СССРдин мураскору катары аталган жана көптөгөн документтерди архивинде сактаган Россия кыргыз-тажик чек ара чатагын чечүүгө акысы да укугу да бар.

Жакында Москва Кыргызстан жана Тажикстан менен чек араларды тактоо боюнча бай тажрыйбасын бөлүшүүгө даяр экендигин билдирди.

Бул тууралуу ТАСС агенттиги Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденкого шилтеме кылып кабарлады.

Ал мисалы катары Орусия менен Казакстандын ортосундагы чек араны делимитациялоо тажрыйбасын атады.

"Такталбаган чек аралар дагы башка коркунучтарды жаратат – мүчөлөрү калктын жакыр катмарын өз катарына азгырып жаткан радикал-экстремисттик топтор баш көтөрүшү мүмкүн", - деди Руденко.

Андан мурда Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко да Москва Бишкек менен Душанбеге чек араларды делимитация жана демаркация кылууга көмөктөшүүгө даяр экенин билдирген. Ал тараптар орусиялык эксперттерди тартууга макул болсо, Москва картографиялык материалдар менен жардам бере аларын кошумчалаган.

Былтыр май айында Орусиянын ТИМ башчысы Сергей Лавров Жамааттык коопсуздук келишим уюмунуна (ЖККУ) мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жыйынынан кийин Москва кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча ортомчу болууга даяр экенин билдирген. Жооп катары Тажикстан ТИМи эки өлкөнүн чек ара маселесин чечүүгө үчүнчү тараптарды тартуу максатсыз экенин айтып келет.

Булак: «Майдан. kg» гезити