31-январда Бишкектеги “Пикир” дискуссиялык клубунда “Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугу: перманенттик кризистен чыгуунун жолдору” деген темада “тегерек үстөлдөгү” талкуу болуп өттү. Ага Кыргызстандык, Россиялык эксперттер, тажрыйбалуу энергетиктер, саясат таануучулар, коопсуздук боюнча адистер ж.б. катышты.
Абал тез оңолбосо, кошуналардын көздөрүн карап калабыз
Өткөн кылымдын аягында, ХХI-кылымдын башында Кыргызстан Борбордук Азиядагы өлкөлөргө жыл сайын 2-3 миллиард киловатт сааттан электр энергиясын сатса, азыр алардан ошончо көлөмдө электр энергияларын сатып алууда. Жыл сайын калктын, ишканалардын электр энергияларына болгон керектөөсү 4-5 пайызга өсүүдө, бирок көз карандысыздыктан бери республикада бир да ГЭС же жаңы ТЭЦ курулбады. Советтик мезгилдин акыркы жылдарында Кыргызстанда электр энергияларын өндүрүүнүн көлөмү 14,5-15 миллиард киловатт саатка жетсе, ГЭСтердеги көпчүлүк агрегаттардын эскиргендигинен, суунун жетишсиздигинен улам жыл сайын орто эсеп менен 14 миллиард-киловатт саатттан гана электр энергиялары өндүрүлүүдө. Жакынкы жылдарда жаңы ГЭСтерди куруу, эскилерин реконструкциялап, кубаттуулуктарын арттыруу аркылуу электр энергияларын өндүрүү 3-4 миллиард квт.саатка көбөйтүлбөсө, Кыргызстандын айрым аймактары жарыксыз калуусу же кезектеме өчүрүүлөр аркылуу гана жашап, иштеп калуубуз мүмкүн. Андай таңсыктык тоо кендерин иштетүүгө, жаңы өнөр жай ишканаларын куруп иштетүүгө да терс таасирин тийгизет. Анткени, айрым ири ишканалар эле орточо кубаттуулуктагы ГЭС өндүргөндөй энергияны талап кылат.
Ири ГЭСтерди курганга каражат жок, алсак, Камбар-Ата-1 ГЭСин курганга 3-3,5 миллиард доллар талап кылынат. Биздин ички рынокто электр энергияларынын баалары өтө арзан болгондуктан инвесторлор да келбейт. Алар ГЭСтерди курушса, өндүрүлгөндөрүн дүйнөлүк бааларда сатып, чыгымдарын тезирээк кайтарып алгылары келет. Ал эми республикалык бюджеттин эсебинен орто жана чакан ишкерлердин жана жергиликтүү бийликтердин эсебинен мини ГЭСтерди курууну Өкмөт демилгелеп, колго албай жатат. Мындай абал оңолбосо, беш-алты жылдан кийин сырттан жылыга 5-6 миллиард квт. сааттык электр энергияларын сатып алганга аргасыз болобуз. Же айрым кошуна өлкөлөргө энергетикалык жактан толук көз карандыга айланып, Токтогулдагы суунун кампасын ошолордун буйругу менен гана ачып, жаба баштайбыз.
Кризистин себептери эмнеде?
Кыргызстандын сууэнергетикалык потенциалы 143 миллиард квт. саат. Бул жагынан КМШда Россия менен Тажикстандан кийинки 3-орунда турабыз. Азыр сууэнергетикалык байлыгыбыздын 10 пайызга жетпеген бөлүгүн гана пайдалануудабыз. Алардын жок дегенде 20-25 пайызын ишке киргизсек болбойбу?
Эгерде көз карандысыздыкка ээ болгондон тартып, энергетика тармагында рационалдуу, рыноктук шартка ылайык саясат жүргүзүлсө, алиге чейин 2-3 чоң ГЭСти өз күчүбүз менен эле курмакпыз. Энергетика тармагы азыркыдай перманенттик кризиске тушугуп, банкроттук абалга жетмек эмес. Азыр тармактын ички, сырткы карыздары 140 миллиард сомго жакын. Мындай абал ГЭСтердин же алар өндүргөндөрдү керектөөчүлөргө жеткирип, сатуучулардын начар иштегендиктеринен улам эмес, көз карандысыздыктын алгачкы жылдарынан тартып тармакты саясаттын бир инструментине айландырып, анда коррупциялык көрүнүштөргө кеңири жол ачкандан улам болду. Биринчи президенттин убагында шайлоолордо, референдумдарда энергетиктер бийликчилдерди, алар сунуштагандарды өткөрүү үчүн шайлоочулардын электр энергиялары боюнча карыздарын жокко чыгарышып, жаңы преференцияларды убада кылышчу. Ошол убактарда электр энергияларынын “техникалык жоготуулары” (уурдалгандары) 40 пайызга жетчү. Же Токтогул, Күрпсай ГЭСтери бошко иштеп жаткандай таасир калтырчу. Эгерде көз карандысыздыктын алгачкы жылдарынан тармакта так эсеп-кысап жүргүзүлсө, башкаруу жакшы болсо, тармак карыз болмок түгүл, өз күчү менен бир нече ГЭСти курмак. Тилекке каршы, “прихватташтыруу” убагында энергетика тармагы, ал өндүргөндөр да таланып-тонолуп, коррупциянын уюгуна айлангандан, кийинки жетекчилер да чечкиндүү чараларды көрүшпөгөндөн улам тармак азыркыдай перманенттик кризиске тушукту. Мындан аны чыгаруу эң эле кыйын, жаңы ГЭСтерди куруп, электр энергияларына бааларды жогорулатмайынча мүмкүн эмес десе да болот.Экинчи президенттин тушунда ага аракет болгон, калктын аярлуу катмарындагыларга компенсацияларды киргизүү менен электр энергияларына баалар жогорулатылган. Бирок, ыймансыз популист канкор “временшиктер” аны жокко чыгарып, тармакты саясатташтырууну дагы күчөтүп, кризистик көрүнүштөрдү дагы тереңдетип кетишти. Андай көрүнүштөрдү токтотуу үчүн мурдагы советтик мезгилдегидей тармакты бир түзүмгө бириктирип, “транспорттоочу, ортомчу, сатуучу, тейлөөчү” деген ж.б. мителердин баардыгын жоюп, тарифтерди кайра кароо же компаниялардын карыздарынын бир бөлүгүн мамлекет өзүнө алуусу зарыл. Тарифтерди жогорулаткан эч кимге жакпайт, популярдуу эмес чечим, бирок “оорууну жашырса, өлүм ашкере кылат” дегендей¸ кризистик көрүнүштөрдү токтотпосо тармак бир күнү биротоло банкротко учурап, жарыксыз каларыбызды же сырттан импорттолгондорго азыркыдан 3-4 эсе кымбат баада төлөгөнгө аргасыз болорубузду эсибизден чыгарбайлы.
Үмүтүбүз да, ишеничибиз да майда ГЭСтерде
Кыргызстанда 268 өзөн, ири 97 канал жана 18 суу сактагыч бар. Алардын ар бирине жок дегенде бирден чакан же майда ГЭС курулса (аларды кезеги менен курганга облустардын, министрликтердин гана эмес, райондордун, шаарлардын, айрым айыл өкмөттөрүнүн, ишкерлердин деле мүмкүнчүлүктөрү жетет, өткөн кылымдын 50-60 жылдарында алакандай колхоздор деле өз күчтөрү менен мини ГЭСтерди курушкан), жалпы кубаттуулуктары Токтогул ГЭСи иштеп чыгарып жаткан электр энергияларынын көлөмүнө барабар болмок. Бир мисал. Таластагы Киров, Нарындагы Орто-Токой суу сактагычтарына миллиондогон кубометр суу топтолот. Аларга чакан ГЭСтерди курса, жок дегенде ал облустардын калкынын керектөөлөрүнүн жарымына жетерлик электр энергиялары өндүрүлө баштамак. Аксы районунун Кара-Суу өзөнүнүн башындагы Кара-Камыш көлүн жаратылыш атайылап эле чакан ГЭС курганга жараткандай. Анткени, андан чыккан суу 300 метрдей тике ылдый агып түшөт. Ал жакка машина жол салынган. Анын бир эмес, эки жерине чакан ГЭС курса болот. Кыргызстан боюнча өзөн-суулардын, каналдардын андай эч кандай суу топтобой эле арзан электр энергияларын өндүргөнгө ыңгайлуу жерлери толуп жатат.
Мамлекеттин ири ГЭСтерди курганга мүмкүнчүлүгү жетпесе, ай караган текедей капчыктуу инвесторлор жөнүндө кыялдарга батып отура бербестен, атайын программа иштеп чыгып, орто, чакан жана майда ГЭСтерди курганга, буга жергиликтүү ишкерлерди кеңири тартканга басым жасоосу зарыл. Эгерде бир ишкер чакан же мини ГЭС курса, ал өндүргөндөрдү мамлекет кымбатыраак сатып алышы керек. Ал биринчиден, ишкерлерге дагы жаңы чакан ГЭСтерди курганга түрткү, алар үчүн инвестиция болот. Экинчиден, сырттан сатылып алынгандарга салыштырганда өзүбүздө өндүрүлгөндөр баары бир арзанга түшөт. Жаңы жумушчу орундар да түзүлөт. Анан Тажикстандагыдай кылып, мамлекеттик ишканаларда, мекеме уюмдарда электр энергияларын аз талап кыла турган приборлорду, жарык кылгычтарды гана койдуруп, ал талапты аткарбагандарга айып пулдарды салуу керек.
1990-жылдардын аягында 2000-жылдарын башталышында Тажикстан энергетикалык кризиске тушугуп, бир нече жыл кезектетип өчүрүү менен жашаган. Анан ал лотереяларды, облигацияларды чыгарып, аларды элге мажбурлап сатып, айып пулдарды ж.б. каражаттарды чогултуп, андан түшкөн акчаларга бюдждетинен бөлүнгөндөргө Рогун ГЭСин курууга киришкен. Кийинчерээк ал инвесторлорду да тапты. Азыр ал жалпы кубаттуулугу 17 миллиард квт. саатка барабар Рогун ГЭСинин көпчүлүк агрегаттарын ишке киргизип, энергия маселесин толук чечти. Аны аяктагандан кийин ошондой жол менен дагы бир жаңы ГЭСтин курулушун баштаганы же импорттоочудан ири көлөмдөгү экспорттоочуга айланганы жатат.
Кыргызстан да кыйналып, кысталса да электр энергияларынын таңсыктыгын чечип, мурдагы энергетикалык көз карандысыздыгын ордуна келтирүүсү зарыл.
Мирлан Дүйшөнбаев, Булак: “Майдан. kg” гезити