Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 1164

- Мамат агай, Адахан Мадумаровго чыккынчылык беренеси менен иш козголуптур. Ал кол койгон протоколду жокко чыгарыш үчүн бийлик ушул жолго барууга аргасыз болдубу? 

- Кыргыз элинин, Кыргыз мамлекетинин жерин саткан адам чыккынчы катары каралып, жазаланыш керек. Качан гана Төрт -Көчө менен Көк-Таш айылынын ортосундагы жер Кыргыз мамлекетинин территориясы деп аныкталганда протокол жокко чыгат.

- Бирок, Мадумаровдон күнөөсү чоң Жеңиш Раззаковго неге кылмыш иши козголбойт? Кыргыздын жерин тажиктердин жери дедирип күчкө салып, кол койдурган дегендер чекеден чыгат го? 

- Раззаковдун күнөөсү Мадумаровдукунан кем эмес. Көк-Таш, Самаркандек, Кызыл-Бел жана башка Тажикстан менен чектеш Баткен районунун айылдарынын эли менен, прокуратура, Ички иштер министрлиги изилдеп, текшерип чыкса, Раззаковдун күнөөсү толугу менен аныкталат. Андан башка, анын күнөөсү - Ак-Сай эли ворухтуктарды тоскондо, тоскон элди аттырган.