Президент Садыр Жапаров Кытайдагы кышкы олимпиадалык оюндардын ачылышына барып келди. Андан кийин анын расмий иш сапары да болуп, КЭРдин төрагасы Си Цзинь Пинь менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча маселелерди талкуулады. Жолугушууда Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы соода-экономикалык алакаларды жогорку деңгээлге чыгаруу, “Торугарт” жана “Эркечтам” өткөрмө пункттары аркылуу импорт жана экспорттун көлөмүн көбөйтүү, ал үчүн “жашыл коридорлордун” натыйжалуулугун арттыруу боюнча сөз болду. Ошону менен бирге С.Жапаров жалпы капиталы 1 млрд. долларды түзгөн кыргыз-кытай инвестициялык фондун түзүүнү сунуштады.
Мурдагы мамлекет башчыларыбыз президент болуп шайлангандан көп өтпөй, же Россияга, Казакстанга, Түркияга баргандан соң эле Кытайга жөнөшсө, азыркы президентибиздин “күн алдындагы түбөлүктүү” өлкөгө сапары созулуп кеткени чындык. Ага адегенде аты өчкүр пандемия себеп болду, анан Баткендеги жаңжалдар, Россия менен Украинанын аскердик тирешүүсүнүн күчөп кетиши да терс таасирин тийгизди. Кыргызстандын жетекчилеринин тез-тез алмаша берүүсүн жактырбагандар бул ирет аракеттеги президентибиздин алгачкы кадамдарын, баш сөөктөрүн байкаштырып, анан шашылбай таанышкылары келди окшойт. Мына эми Пекиндеги кышкы олимпияданын ачылуусунун шылтоосу менен Садыр Жапаров Пекинде Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзинь Пин менен жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Чындыгында мамлекет башчыбыздын Кытайга кайсыл убакта барганы бизди анча деле тынчсыздандырбайт, бизди, жалпы эле элди “жеңил барып, оор келсе” деген маселе гана кызыктыра турганын ачык айтышыбыз керек.
Кытай менен саясый, соода, маданий, гуманитардык ж.б. байланыштар жогорку деңгээлде динамикалуу өнүгүүдө. Ал тууралуу Садыр Жапаров өзүнүн Кытайданы маалымат каражатына бирген инервьюсунда айтты.
Эки тараптуу жолугушууларда булар менен бирге Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун, Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу маселелери талкууланды. Бул тууралуу Пекинге барардын алдында Кытайдын Медиакорпорациясына берген эксклюзивдүү интервьюсунда Садыр Жапаров жакынкы убактарда Кыргыз-Кытай-Өзбекстан темир жолунун курулушунун башталышына ишене турганын билдирген. Ачыгын айталы, булар “эки коон бир дарбыздай” кайра-кайра айтыла, убада кылына берип, элдин көбүн жадатып деле бүттү, алардын ишке ашуусуна көпчүлүк ишенбей деле калды. Алсак, Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан темир жолун куруу жөнүндө маселе Акаевдин убагынан бери көтөрүлүп келген менен альтернативдүү долбоорлорду талкуулап, өз ара макулдуктарды ырастаган стадиядан чыга элек. Ага темир жолдун өлчөмү боюнча кайчы көз караштардан (Кытайдагы рельстердин ортосундагы аралык Европалык стандарттан башкача) сырткары Кыргызстандын эки долбоорду сунуш кылып, бирок алардын бирине да өзү каражат таба албай жаткандыгы да себеп болууда. Кытайда, Өзбекстанда ага каражат жетишерлик, бирок аларга концессияга берсе же биргелешип курса, темир жолдун Кыргызстандан өткөн бөлүгүнө алар да ээ болуп калаары биздин жетекчилерди тайсалдатууда. Кредит алып курса да болот, бирок ага 1,5-2 миллиард долларлык каражат керек. Ал эми биздеги мыйзам боюнча өлкөнүн тышкы карызы ИДЖдын (ички дүң жыйым) 60 пайызынан ашпоосу зарыл. Азыр сырткы карызыбыз 4 миллиард доллардан ашык, ага дагы 2 миллиард кошулса, анын ИДЖга карата көлөмү 80 пайыздан ашып кеткени турат. Энергетикалык таңсыкты азайта турган Камбар-Ата-2 ГЭСинин курулушун Бакиев баштап, 1-агрегатын бүтүрөрдө Убактылуу өкмөттөгүлөр аны үзгүлтүккө учуратышты. Ал эми Камбар-Ата-1ге инвестор отуз жылдан бери изделип жаткан менен ал жалпак тилге салып айтканда, бөдөнүн сүтүндөй болуп табылбай жатат.
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун долбоору талкуулана баштагандан бери Казакстан Кытайга бир эмес, эки жол курду. Ал Россия менен биргеликте долбоордун ишке ашырылуусуна бут тосууда. Анткени, ар кандай мамлекет товарлардын өз аймагы аркылуу өтүүсүн каалайт, эгерде жогорудагы долбоор ишке ашса, Иранга, Батыш Азия менен Африкага Кытайдын товарларынын көпчүлүгү ушул жол менен ташыла баштамак. Ага Өзбекстан аябагандай кызыкдар, бирок бизде каржы маселесинин чечилбегени гана анын колун байлоодо.
Көз карандысыздыктан бери Өзбекстан энергетикалык толук көз карандысыздыгын камсыз кылды. Биз болсо, электр энергияларын экспорттоочудан импорттоочу өлкөгө айландык. Жылдан жылга импорттолгон электр энергияларынын көлөмү өсүүдө. Демек, биз үчүн, мамлекет башчыбыздын Кытай же башка өлкө менен биргеликте жаңы ири ГЭСтерди куруу боюнча долбоорлорду ишке ашырганы өзгөчө маанилүү болууда.
Тилекке каршы, 2019-жылы Россия менен 6, Кытай менен 7 миллиард долларлык долбоорлорго, макулдашууларга кол коюлса, алардын баары негизинен кагаздарда эле калып калды. Негедир бизде макулдашуулардын, келишимдердин кандай ишке ашып жатканы жөнүндө эч бир орган эл алдында отчет бербейт, айтылбайт. Ошондуктан Кытайга болгон иш сапарында президент Садыр Жапаров кол койгон макулдашуулар, келишимдер мурдагылардыкындай болуп кагаздарда калып калбастан аткарылса, алар жөнүндө элге үзгүлтүксүз маалымдалып турса дейбиз. Жетекчилер кол койгондо сүйүнсө, алар кагаздардан чыкпаганына күйүнө бергенден эл деле жадады. Ал эми Кытайдын ивестициялык мүмкүнчүлүгү чексиз, тилекке каршы, биз аны жетиштүү пайдалана албай жатабыз. 2018-жылдын башталышындагы Бишкек Жылуулук берүүчү борбрундагы авариядан кийин Кыргызстанда антикытайлык маанай өсүп, КЭРнын “Эксимбанкы” менен байланыш өтө начарлап кетти. Эми аны менен байланышты жандандырып, өз ара ишенимди калыбына келтирүү керек.
Садыр Жапаровдун иш сапары ушул маселелерди чече алабы?
Кептин баары ушунда турат. Майрам апчебиз “Үмүттүн шооласы үзүлбөйт” дегендей, биз да эки ири долбоорго үмүтүбүздү өчүрбөй туралы.
Булак: “Майдан. kg” гезити