Президент С. Жапаровдун Кытайга бизнес-класстагы Embraer Lineage 1000 учагы менен барып келгени коомчулукта, социалдык тармактарда кызуу талкууга жем таштады. Айрымдар өлкө башчынын катардагы рейс менен эмес, минтип саатына он бир миң долларга учак жалдаганын сынга алышса, башкалары мындан кынтык издөөнүн кереги жоктугун, керек болсо республикалык бюджеттин эсебинен №1 учакты сатып алуу зарылдыгын айтышты. Атүгүл өлкөнүн имиджи үчүн акча чогултуп, учак сатып берели деген демилгени көтөргөндөр да болду.
Албетте, цивилдүү, экономикасы ачык, дүйнө өлкөлөрү менен алака курууну каалаган мамлекеттин башчысынын жеке учагы болушу керек. №1 учак өлкөнүн имиджи, аброю. Кезинде Россия берген Ту-154 учагынын эскилиги жетип, аны менен учуу кооптуу болуп калгандыктан, минтип учак жалдоого аргасыз болууда. Айрым жарандар айтып, жазып жатышкандай, кадимки рейстик учак менен барса деле болмок. Бирок дайыма эле андай рейс менен учуу да мүмкүн эмес. Анткени, андай рейстердин өзүнүн учуу убактылары болот, президенттин да иш сапарларынын протоколдук убактысы бар.
Тилекке каршы, Кыргызстандын дүйнөлүк миллиардерлердин катарын толуктаган Алишер Усманову жок экен. Болбосо, Өзбекстандын президенти Ш. Мирзиеевге белек кылгандай эле кыргыз президентине да Боинг учагын белекке бермек беле. Азыр Ш. Мирзиеев Өзбекстандан сыртка чыкканда А.Усманов тартуулаган учакты пайдаланат.
Абалыбыз мындай болгон шартта эмне кылуу керек? Албетте, мамлекеттин имиджи үчүн деп 100 млн. доллардын тегерегиндеги каражатка лизингге болсо да учак сатып алып койсо болот. Бирок бюджет өп-чап абалда болуп турганда ал ашыкча. Анын үстүнө тышкы карыздарды төлөөнүн пик учуру, миллиондогон долларлар тышкы карыздарды жабууга кетүүдө. «Жуурканга жараша бутту сунуп», каражатты үнөмдөп, максаттуу жумшай турган мезгил. Эгерде президенттин бир жылда 4-5 иш сапар менен сыртка чыга турганын эске алсак, анда азырынча бир жылда 200-250 миң долларды коротуп, учак жалдап эле турганы экономикалык жактан өзүн актайт. Экономикага да күч келбейт, президентибиз да уят болбойт. Качан бюджетибиздин кирешеси эселеп өсүп, ашыкча каражат пайда болгондо учак сатып ала беребиз.
Булак: “Майдан. kg” гезити