Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 162

Экс-депутат Турсунбай Бакир уулу Өмүрбек Текебаевдин Кыргызстандын Германиядагы элчиси болуп дайындалышы тууралуу пикирин билдирди.

"Өмүрбек Текебаев Германияга элчи болгонун бири туура, бири туура эмес кабыл алып жатат. Ошондуктан, дипломат катары түшүндүрүп кетүүнү туура көрдүм.

Деги дипломатиялык кызматка Президент эки жол менен дайындайт: 1) кесипкөй (карьердүү) дипломаттардан жана 2) саясий ишмерлерден. 

Бирок башка себеп менен да дайындоолор болот. Мисалы, А.Акаев акындарды, кинорежиссерлорду, жазуучуларды, губернаторлорду же күнөө жасаган аткаминерлерди элчи кылып жөнөтүп жиберчү. А К.Бакиев болсо бир топ журналисттерди элчи кызматына дайындаган. А.Атамбаев менен С.Жээнбеков НПОлордун өкүлдөрүн жана саясатчылардан элчи кылып дайындашты баштаган. 

С.Жапаров да саясытчылардан элчи кызматына коюу традицияга кайтты. Мисалы, өзүнүн аппарат жетекчиси Б.Аманбаевди АКШга, экс-премьер-министр У.Мариповду Сауд Арабияга жана у.с. Ө.Текебаев жөнүндө Президенттин жобосу - элчи кызматына саясий дайындоо болду. Мыйзам бузулган жок", - деди Турсунбай Бакир уулу.