Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 190

Короз эртели кеч жеген жемин, конгон түнөгүн актоо үчүн убагында чакырып туруусу зарыл. Өздөрүн оппозициячылдар деп атап алгандардын да кез-кезде бийликке кыр көрсөтүп, кайрылуулар, билдирүүлөр менен чыгып туруулары бизде мурдатан салтка айланган. Антип турушпаса алардын бар-жогун ким эстейт?  Сырттан аларга ким грант берет?  Бирок, аларга коюлчу бир гана талап: мыйзамдык  жана адеп-ахлактык нормалардан чыгышпаса, жалпы сөздөргө жамынып, жалгандарды учуруп, жаман көргөндөрүнө курулай жалааларды жабыштыра  бербестен конкреттүү фактылар аркылуу гана сүйлөшсө, бийликти ашкере опузалашпаса.

Бир эмес, бир нече шайлоого катышса да мандатка ээ болушпаган Клара Сооронкулова, Рита Карасартова, Нурбек Токтакунов, Тамара Валиева баштаган дүжүр аутсайдерлер жакында мамлекет башчысына жолдогон кайрылуусунда моралдык чектен чыгып, Президентти ачыктан ачык эле опузалап, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевди, Ички иштер министри Уланбек Ниязбековду токтоосуз кызматтарынан алууну талап кылышыптыр. Алардын ич күптүлөрүнүн себептери эмнеде? Өз кайрылуусунда авторлор “офистерибизге тыңшагычтарды, видеокамераларды  орнотуп, көчөлөрдө да баскан-тургандарыбызды көзөмөлдөп жатышат”- дешет. Бирок, Башмыйзамдын 29-беренесин баш кылып, адам укуктарын кошуп док урунушкан менен бир да конкреттүү фактыны, далилди келтиришкен эмес. Өздөрүнүн шектерине, жоромолдорго, божомолдорго негизденишип эле Кабинеттин 2 мүчөсүн кызматтарынан кетирүүнү талап кылышкан. Мүмкүн, шектери болбосо деле өздөрүнүн бар экендиктерин мамлекет башчысынын, коомчулуктун эстерине салып коюу үчүн кайрылышкан окшойт.

Минтип зериккендер, эриккендер асыла бергидей УКМКнын, ИИМдин жетекчилери оюнчук бекен? Камчыбек Ташиев УКМКнын жетектегенден тартып, коррупцияга, кылмыштуулукка каршы аёосуз күрөш жүргүзүүдө. Элдин, мамлекеттин ырыскысына кол салган ондон ашык күркүлдөрдүн жегендерин кустуруп, өлкө бюджетине 7 млрд. сомго жакын каражат түшүрттү. Буга чейин мындай болгон эмес. Алдыда дагы мамлекеттин казынасына кол салгандардын жеген, ичкендерин кустурары талашсыз. Өзү жетектеген тармактын кызматкерлеринин иштөө, жашоо шарттарын жакшыртуу боюнча мурдагылардын баардыгына тете иштерди аткарды жана аткарууда. Калыстык үчүн айталы, коррупционерлер менен күрөшүүдө буга чейинки УКМК жетекчилеринин бирөөсү да К.Ташиевдей натыйжаларды көрсөтө алган эмес. Мындан ары да эч ким көрсөтө албай турганын бөркүбүздөй көрөлү. Ал үчүн Ташиевдикиндей дух, эрк, чечкиндүүлүк керек. Чек ара кызматын тескеген адам катары да чек ара чырларында  өзүнүн кайратын, батылдыгын көрсөтүп, кошуналар менен тынчтык жолунда тең ата сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Кыргызстандын, кыргыз элинин кызыкчылыгын бекем коргоодо. Андай чечкиндүү сапаттары үчүн аны жактырбагандар, жаман көргөндөр аз эмес, алар коррупцинерлер, мыйзамсыз байыгандар арасында эле эмес, НПОшниктердин арасында да бар. Анткени, алардын айрымдарынын агенттик иштери да УКМКнын көзөмөлүндө болот, ал чекисттердин кызматтык милдеттери. К.Ташиевдин сырттан каражат алып, өлкөнүн бүтүндүгүнө, элдин тынчтыгына каршы иш кылгандар, деструктивдүү багытта иш жүргүзгөн бейөкмөт уюмдар УКМКнын көзөмөлүндө болорун айткандан бери грант алгычтардын  уйкулары качты. Ошондуктан түрмөлөрдө отургандардай эле дайыма сырттан алынган гранттардын эсебинен жашап, сырттагы кожоюндарынын буйрутмаларын аткарып жатышкандардын УКМК менен ИИМди бокочодой көрүшөрү бир жагынан мыйзам ченемдүү көрүнүш. Ал чекисттер өз милдеттерин  тийиштүү деңгээлде аткарып, агенттердин уйкуларын качырып, жандарына тынчтык бербей  жатышкандарын айгинелейт. Алган гранттары үчүн шектүү иштерди кылышпаса, грант бергичтердин буйруктарын аткарышпаса, анда УКМКдан, анын жетекчиси К.Ташиевден эмне анча чоочулашууда?

АКШда 2020-жылы кеч күздө президенттик шайлоодо утулган Трамп “Ак үйдөн кетпейм”- деп жаңжал кыла баштаганда өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн штабдарынын комитетинин башчысы ага билгизбей ядролук чемодандан чыга турган сигналды блокировка кылып салган экен. Ал: бул дөөпөрөстү сүйрөп чыгарабыз дешсе, кокустан ядролук чемодандын кнопкаларын басып жибербесин деп чоочуласа керек. Аны кийин Американын элине ачык айтты. Атайын кызматтардын милдеттери: коомдогу саясый, социалдык жана  психологиялык абалды, ичте, сыртта болуп жаткандарды иликтеп, тастыктап, тийиштүү жыйынтыктарды чыгарып туруу болуп саналат. Атайын кызматтар, эгерде мамлекеттин коопсуздугу үчүн маанилүү деп табышса,  шектүү обьектилерге, субьектилерге визуалдык байкоолорду жүргүзүп,  байланыш каражаттарын тыңшашат. Андай иштерди кылышпаса алар башка эмнелерди аткарышат? Бул алардын түздөн түз милдети, кылар иши.

Аркалары, абийирлери таза адамдар андай көрүнүштөргө кокустан дуушар болушса деле чоочулашпайт, коркушпайт. Аны башынан өткөргөн бир таанышыбыз айткандай, эгерде силерге жакса, кааласаңар башка жерлерге барганымды деле тыңшай бергиле деп, кээде атайылап кычыткы сөздөрдү да сүйлөй берет. Ал эми мамлекеттин коопсуздугуна каршы келе турган маалыматтарды чогулткандар, сырттагы көшөгөнүн артындагы атайын кызматтардын тапшырмаларын аткаргандар, же “кулатыш керек, кыйратыш керек” деген сөздөрдөн башкаларды айтпагандар, албетте, өз иштеринин коомчулукка, өзгөчө атайын   кызматтарга билинип калуусунан жандары чыккыча коркушат. Анткени, легитимдүү бийликти кулатууга чакыруу, коопсуздукка байланышкан материалдарды чогултуп, сырт жактагыларга берүү – кандай өлкөдө болбосун кылмыш катары эсептелет, катталгандарына тийиштүү укуктук чаралар көрүлөт.

“Карма ууруну карма деп ууру жүрөт” дегендей, биздин дүжүр кайрылгычтарды  мына ушулар тынчсыздандырып жатат десек жаңылбайбыз.

 

Булак:  “Майдан. kg” гезити