Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 173

- Каныбек агай,  Президенттин Пекиндеги кышкы Олимпиадага барганы туура болдубу? Каражат коротпой эле эл учкан самолёт менен учуш керек, элдин баары мусулмандарды геноцид кылган мамлекет деп Кытайдагы Олимпиаданы көрүүдөн дагы баш тартып жатса, биздин президент барып алды деп сындап жатышат. Бул боюнча кандай пикирдесиз?   
- Олимпиадалык спорт оюндары - бул байыркы доордон бери эле уланып келе жаткан эл аралык форум. Бул трансулуттук феномен согуштарды токтотуп, бейпил турмушта жашап, күчтөрдү спорт жаатында гана сынайлы деген ыйык түшүнүккө баш ийип келген. Ошондуктан, байыркы Олимпиаданы заманбап абалга чактап, калыбына келтирген  Пьер Кубэртен девиз көтөрүп  "Оо спорт, сен тынчтыктын жарчысысың" - деген түшүнүктү биринчи орунга алып чыккан. Бирок тилекке каршы, ХХ кылымдын 80-жылдарынан бери карай Олимпиада оюндары саясий кызыкчылыктардын куралына айланып кетти!  

Ошондуктан, Олимпиаданын шылтоосу менен саясий лидерлер өздөрүнүн кадамдарын, пландарын кошоктоп иш алып барууну адат кылып алышкан. Эсиңердеби, 1980-жылдагы Москва жайкы Олимпиадасын АКШнын ошол кездеги президенти Джеймс Картер саясий максатта бойкот жарыялап, көптөгөн капиталисттик өлкөлөрдү күч менен эле Москвага жибербей коюшкан. Андай кадамга жооп кылышып, СССР баш болгон социалисттик лагерь 1984 -жылы Лос-Анджелесте өткөн олимпиадага бойкот жарыялашкан. "Муздак согуш" өзүнүн апогейине жеткен. Натыйжада, 1991-жылы кубаттуу СССРди кыйратып тынышты. Ошондой эле, аракеттер дагы деле уланып келет. Россия күчүнө кире баштады эле, Батыштын жетегинен чыга албай келген МОК Сочи кышкы Олимпиадасындагы "допинг чатагын" шылтоо кылып орустарды Олимпиада оюндарына "байраксыз" катыша турган кылып койду. Демек, олимпиадалык оюндар алгачкы статусунан кайтып, ири державалардын өз кызыкчылыгына пайдалана турган куралга айланып калды. Ошол кырдаал дагы деле курч турат. Эми "мусулмандарды геноцид кылып жатат" деген айлакер амалдар менен башында АКШ турган өлкөлөр Бейжин Олимпиадасына "жарым-жартылай" бойкот кылганга үлгүрүштү. Чыныгы себеби дагы эле баягы караң калгыр геосаясат! Ошондуктан, Владимир Путин баш болгон Борбордук Азиянын лидерлери Бейжин Олимпиадасына катышып, Кытайдын тышкы саясатын колдогондой болушту. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү абдан интенсивдүү уюштурушту. Ошолордун катарында биздин президент Садыр Жапаров дагы катышты. Анан кандай болмок эле? Кээ бир кер ооз "саясатчы болумуштар" ушундан дагы кынтык издеп жатышпайбы? Андай нерселерге көңүл бура берсек эч кандай эл аралык алака кылбай эле отура берели? Ушул керекпи? Менимче, акылы ордунда болгон кыргыздар туура эле түшүнүп турушат!

- Кытай-Кыргыз-Өзбекстан темир жолунун курулуш иштери башталат деген маалымат тарай баштады. Бул темир жол курулса, Кыргызстан үчүн пайдалуу болобу?

- "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолунун курулушунан биз, кыргыздар, пайда гана көрөбүз. Биздин дүйнөлүк океан-деңиздерге түз чыга ала турган мүмкүнчүлүктөрүбүз жок! Өзүбүз өндүргөн айыл чарба продукцияларын сыртка чыгаруу үчүн казактар менен орустардын көзүн карап келебиз го? Же жалганбы? Тигине, күздө тонналаган экспорттук продукцияларыбызды Оренбургдан өткөрбөй коюшту! Жыргап кеттикпи? Биринчи кезекте баба-дыйкан жабыр тартты. Кедейленип, "итке минип"отуруп калды. Жазда алган кредитин ач көз банкирлерге кайтарып төлөй албай,  үйүн тарттырып жиберип, талаалап кетти! Трансулуттук темир жолго каршы болгондор кимдер экендигин, жана алар кандай максаттарды көздөп, андай жырткычтык саясатка барып жаткандыктарын көрүп эле турбайбызбы? Ошондуктан, президент Садыр Жапаров ошол темир жол долбоорунун Кыргызстан үчүн пайда боло турган вариантын өткөрүп келээр  деп үмүт этип турабыз! Мындан сырткары, өлкө башчылары,  Жапаров менен Си Цзинпиндин "Торугарт" жана "Эркечтам" өткөрмө пункттарынын өткөрүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү тууралуу бир пикирге келишкендиктерин дагы эске алсак, анда эки тараптуу мамилелердин келечеги кең экендигине үмүт артсак болчудай.

- Ошондо президент Кытайдан олжолуу келдиби?

- Менимче жемиштүү эле болду. Өлкө башчылары саясий, соода-экономикалык чөйрөлөрдө эки тараптуу мамилелердин өтө маанилүү маселелерин жана келечегин талкуу кылышыптыр. Мени ынандырган бир жагдай, КЭР менен Кыргызстан экологиялык таза  продукцияны жана энергетика тармагында кызматташуу приоритет катары таанылганында болду. Бул сүйлөшүүлөр  билгендер үчүн  өтө маанилүү жана пайдалуу иш. Анткени, тиги эки тармак боюнча тең биз өзүбүздүн артыкчылык мүмкүнчүлүгүбүздү көрсөтө алабыз. КЭРдин төрагасы Си Цзинпинь ковидке каршы чараларды кабыл алууну эске алуу менен аба каттамдарын өз кезектери менен калыбына келтирүү жана жүк ташууну көбөйтүү зарылдыгын белгилептир. Эң башкысы, алгачкы капиталы 1 млрд $ боло турган "Кыргыз-Кытай" инвестициялык Фонду түзүлө тургандыгы жакшы иш болду. Менимче, ушундай жагымдуу жагдайды биз кажыбас эмгек менен гана пайдаланып калуубуз абзел!