- Калдарбек агай, жарандык активисттер, медиа өкүлдөр президент Садыр Жапаровго кайрылуу кат жолдоп, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен ички иштер министри Уланбек Ниязбековду кызматтан алып, кылмыш жообуна тартууну талап кылышкан эле. Эми болсо кол топтой башташыптыр. Булардын аракетине кандай баа бересиз?
- Муну орустар “нонсенс” дешет. Бир жылы Рита Карасартова дегени да ушул аталыкты ыслаат кылуу керек деп жыйын өткөргөн эле уят болгонуна карбай. "Митингвирусу" жугуп катуу ооруп калгандар албетте, ошол эле НПО жана голубойлордун уюгунан чыккандар. Эгерде президент ушул ташпишке кайрылам десе, өзү эле эч кимге айтпай чечип салат. Причем тут митинг НПОшников? Коңшуң сага "аялыңы айдап ий, а турсун каматып сал” деп шымаланып алып келгендеги кербезиндей эле акмакчылык бу. Деги ыйык, сырлуу нерсе калганбы бизде же баарын НПОлордун таманына салып бергенбизби?
- Мурун НПОчулар же батыштан каржылангандар эле митинг кылат десек, эми катачылык кетирип алдык деп кечирим сураган “Кактус медианы” жабылсын деп митинг кылышты го?
- Сыныктан башкасынын баары жугуштуу деп койушчу эле илгери... Экинчиден, бардык ташпиштерди Чеч-Дөбөдө чечишчү кара кылды как жарып... Бүгүн анын бири жок. Кызыгы, ушул митингдерди батышчыл бейөкмөт уюмдар, анын рупорлору ушул “Кактус”, “Азаттык”, "Клооп” кызытып ийишпеди беле, анын статусун дегеле бийикке көтөрүшүп. Чүчкүрүп койушса да жүгүрүп митингге келишип, оюна келгенди айтышып, жерди өлөрчө тепкилешип... Мына, өздөрү ыргыткан таш өздөрүнүн башына кайтты.
Бирок митинг вирусунан айрылуу аба менен суудай керек болуп жатат. Кара күч менен акылды жалпайта чабуудан балакет да чыкпас, андан көрө акыл күч менен кара күчтү кулатуу гана керектей. Батыштын акырынан жем жеген “Кактус” мындан башкача кадамды жасай да албайт болчу. Мойнун толгоп койсо, эртең “господин 420” болуп калат да. Дубанага айланып калбайбы. Пулуң болсо кулуңмун. Ошон үчүн сөз эркиндиги деген шляпага жамынып алышып, батыштын идеологиясын уланата беришет кыямат күнүндө деле. Буларда “нет ни флага, ни Родины, и нет царя”. Жетимканадан чыгышкан куру жалак жетимдердей эле булар. Албетте, орус медиялары жем таштап, чек ара жаңжалын кыргыз тарап баштады деп койду эле, "Кактус” шо замат аны илип алып кожоюндарынын алдында жан берилип иштеп жатканан, тыйынды жөн эле алып жатпагандыгын дагы бир ирет тастыкташты. Бул алар үчүн кадимки эле көрүнүш. Маалыматты канчалык деңгээлде тактыгы бул жазмакерлер үчүн экинчи бир маселе. Маселе, маалыматты канчалык эрте берип койсо ошончо жакшы... Экинчиден, бийлик мушун түйсө митинг дегени сактап каларын сопсонун билишет. Бирок бу курдайы “чалгы сууну чапчыбай, ташты чаап албадыбы”. Өздөрүнүн үйүнө келишип “жогол, кет” дегендей митинг өттү.
Чыккынчы же саткыны деп айтуу эртедир, бирок ар бир жаран өзүнүн мекенин эч качан кара түскө бойобойт эмеспи. Эч качан. Каралаганадар-чыккынчы экендигин тарых көзгө сайып туру. Эми карга деле баласын аппагым дейт го. Бирок бу батыштын фанаттары акчанын кулу болушуп, өздөрү түшүнбөгөн, өмүрү көрүп жашабаган мамлекеттин идеологиясын туу тутуп жатса... Жок дегенде “Восток-дело тонкое” деп ошол батыштагылар какшап айтып кеткенин деле назарына салып алышпаптыр. Бир сөз менен Орусиядагы “чет элдик агент” мыйзамынын иштеп кетиши эми сөзсүз таасирин берет да, ачык эле "сен шпионсуң, сен тигисиң" дегендей ызы-чуу башталат. Ошондуктан, сөз эркиндиги деген улуу сөздү уят кылбай, кара кылды как жарууга башты тоголотуш ыйык парзыбыз, бул вазипабыз!
- Батышчыл көз караштагылардын максаты башкабы?
- Алардын "мурдун балта кеспейт". Алар артындагы күчтүн демин сопсонун туюп турушат, алар үчүн Кыргызстан жөн эле бир сынак өтүүчү жай. Жогоруда айтпадымбы, сөз эркиндиги дегенди, мына, ошол булардын “страховкасы”. Анан аларга сын-пикир айтсаң, бүттү, чагымчы аталасың. Анткени, кудум ушул демократтар гана ачуу чындыкты приватташтырып алышкан эмеспи. Ушулар дүйнөнүн устуну.
Дүйнөлүк медиа бизди коргоп чыгат дегенге бөркүндөй ишенишет. Кыргызстан эгемендүү мамлекет эле деп секунд ойлонуп коюшаарын ким билсин, маңкуртка айланышкандарга дабаа жок. Ошол батышка өкүм сүргөн сөз эркиндигинин жоопкерчиликтүү экенин билип туруп билгиси келбегенинен бир себеби, буларга өлкөнү ичтен иритүү, батышка лоялдуу бийликти алып келүү вазийпасы жүктөлгөн. Тетири күнү буларга ким жөн эле бакстарды жөнөтө берсин. Ошо сымал, бийлик сөз эркиндигинин жоопкерчилигине таянуу менен колдоруна чыбык уруп койсо болот. Менимче, уруп деле салат жакында. Кечээкиден өтүп митингге чыгышат. Бирок эми кеч болуп калды... Элдин көзү ачылып дегендей. Кимдин ким экендиги ачык айкын билинип калбадыбы. Ошон үчүн тайактын да эки учур бар дешет окшойт. Тагыраагы, убак-саат келгенде ишенген кожоң да сактай албай калат сыягы.