- Айрым бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, журналисттер, активисттер Улуттук мамлекеттик коопсуздук комитетинин жетекчиси Камчыбек Ташиевдин жана ИИМ башчысы Улан Ниязбековдун кызматтан кетишин талап кылышууда. Буга бүгүнкү күндө негиз барбы?
- Көзүңөр агып түшүп калса да, жалгыз Ташиев чын ниети менен иштеп жатканын сезбей калдыңарбы?
Ден соолугуна карабай, баардык нерсеге кайыл болуп, ага бөлүнгөн кандайдыр бир убакыт өтүп кетип жаткандай өзүн: отко, чокко салып, баардык жакка жетишип жатканын эмне үчүн көргүңөр келбейт?
Ден-соолугун оңдоп алайын деп жаңы эле чет жакка барган сайын, бул жактан атайын өчөшүп жасап жаткандай бир балакет чыгып, Ташиев ден соолугуна да кол шилтеп келе кайтып келгенин билбей калдыңарбы
Эмне үчүн эч нерсе кылбай, оозу кулагына жетип жыртайып жүргөн тышкы иштер министрин айтпайсыңар “кетсин” деп?
Эмне үчүн маскарапоз баштанып, баарыбыздын үстүбүздөн маскаралагандай ар кандай жагымсыз кылыктарды кылып, элдин кыжырын кайнатып жүргөн саламаттыкты сактоо министрин алмаштыр дебейсиңер?
Эмне үчүн беш президент менен иштешип, ар дайым чоң кызматтарды ээлеп келген, а бирок бүгүн баары жаман чыгып, жалгыз өзү аппак болуп министрлер кабинетин кучактап олтурган Акылбек Жапаровду кетсин деп митинге чыкпайсыңар?
Эмне, алар өзүңөрдүн уулуңарбы?
Марипов дал ушул кызматка келгенде жабыла көчөгө чыгып: “Марипов кетсин!” деп, бир апта үйүңөрдөн безип, ак үйдүн алдына жатып алдыңар эле го. Жаштар калып, өлөйүн деген кемпирлерге чейин келип, жинди болгон немедей чачтарын жулуп кыйкырышпады беле?
Чек араны чечкен Ташиев, коррупционерди кармаган Ташиев, паракорду аңдыган Ташиев, криминалдын тизгинин тарткан Ташиев. Анан дагы, сен трайбалист бузукулардын “кетсин” деген ыплас сөзүңөрдү уга турган да Ташиев болуп калдыбы?
Эмне, Ташиев башка планетадан түшүптүрбү, же Кокондон келип УКМКны ээлеп олтуруп алдыбы?
Кокондон келгендин деле жакасынан чаңын күүп, көзүнүн кареги менен айланып жатпадыңар беле, жугундусун аңдып. Мойнуңарга карызды былчыйтып илип койсо да, аны жакшы деп келесиңер ушул күнгө чейин.
А ден соолугунуна карабай баарыбыздын камыбызды бир өзү жеп жүргөн Ташиев батпай калдыбы?
Ташиевдин артынан ээрчиген эли канча экенин сен эл бөлгөн бүлүндүргүчтөр түшүңөрдө да көрө элексиңер. Керек болсо: “өзүбүздүн уул” деп, силер артын жалаган дөөдүрүңөр баштаган түштүк согушун, дал ушул Ташиев токтотуп калган.
Эсиңер барыңарда этегиңерди жапкыла. Ташиевдин атын сасык оозуңарга алчу болбогула. Ташиев ЭЛДИК БААТЫР экенин тооктун мээсиндей болгон жарты мээңерге сактап койгула. Ташиевдин электоратынын кыжырын кайнатпагыла!
Булак: “Майдан. kg” гезити