- Айрым бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, журналисттер, активисттер Улуттук мамлекеттик коопсуздук комитетинин жетекчиси Камчыбек Ташиевдин жана ИИМ башчысы Улан Ниязбековдун кызматтан кетишин талап кылышууда. Буга бүгүнкү күндө негиз барбы?
- Камчыбек Ташиев УКМКнын төрагасы болуп келгенден бери коррупция менен катуу күрөшүп, мамлекетибиздин казнасына 8-9 миллиард сом түшүрдү. Ачык айталы да, акыркы 20 жылда качан эле мурунку премьер-министрлер, министрлер, депутаттар камалды эле. Ташиевди “кетсин” деп жаткандардын башында мамлекетибиздин байлыгын, элибиздин ырыскысын жеген чоң даражадагы чиновниктер жана мамлекеттик миллиарддаган тендерлерди уткан олигархтар турганы билинип эле турбайбы. Журналисттер, НПОлор баарына күнөө койгондон алыс болушубуз керек. Ошондуктан, баарыбыз акылга келип, чек арабызда кыйын абал болуп турганда ырылдашпай, тиштешпей, бир болгонубуз жакшы. Ташиевди “кет” дегенге эч негиз жок. Элим жерим деп күнү түнү иштеп жатат. Чын айтышым керек - Жапаров,Ташиев бийлике келгени жаңы жакшы заманбап курал - жарактарды сатып алып жатабыз.
Булак: “Майдан. kg” гезити