Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 151

- Айрым бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, журналисттер, активисттер Улуттук мамлекеттик коопсуздук комитетинин жетекчиси Камчыбек Ташиевдин жана ИИМ башчысы Улан Ниязбековдун кызматтан кетишин талап кылышууда. Буга бүгүнкү күндө негиз барбы?

- “Камчыбек Ташиев менен Улан Ниязбековду кызматтан алгыла”- деп айрымдар кол топтоп баштаптыр. Кол койгондорду карасам башында жалаң батышчыл НПОчулар экен, анан мен тааныгын бир аз журналисттер да бар. Журналисттер журналистти колдоп кол коюшу мүмкүн. Бирок мобул НПОчуларга таң калам. Бир кезде тынчып калышат, анан эле бир убакта түшүнөн чочугансып улам бир жыландын башын кылтыйтып чыга калышат да “бул кетсин, тигил келсин” деп “правасын качайтетип” башташат. Бир ууч кишинин пикиринен эле улам бир жетекчини алмаштыра берсек качан, кантип өнүгөбүз? Макул, силердин каалоо экен деп алмаштырсын, бирок бир жыл өтпөй кайра эле ошол таз кейпиңерди кийип алып, аны да кетсин, ордуна мени же тигини койгула деп баштайсыңар да. Камчыбек Ташиевди айтып жатасыңар. Ооба, ал “дардаңкүү”, бир нерсени бетке айткан неме. Бирок мамлекетке каршы иштеген жок да. Силер айткан “кустурацияны” буга чейин ким кыла алды эле? Ичирип, жегизип, тонотуп анан качырып жиберип эле карап отурчу эмес белек? Чек араны болсо “бирөөлөр” 49 жылга кол коюп берип койбогондо эбак эле Өзбекстан менен чечип алгандай эле чечип алмакпыз да. Анан бийликти колдоп пикир жазсак эле “дакансалар” деп бетиңерге кармайсыңар. Мен даканса эмесмин, бирок мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн бийликти колдойм. Жасалып жаткан жакшы иштер тууралуу жазам. Бул менин граждандык да, журналисттик да милдетим.  Албетте, иш жүргөн жерде кемчилик болбой койбойт. Бирок дароо эле кетсин, келсин деп элди бөлүп-жаруунун кимге кереги бар? Сырткы душмандарга гана мамлекетти өз колубуз менен салып бергенден башка эч бир пайда таппайбыз. Чын эле келечекти ойлосок, баарыбыз биригип,  бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаралык. Мамлекеттүүлүгүбүздөн айрылып калуу бат эле. Биздикиндей демократия эч бир мамлекетте жок.

Булак: “Майдан. kg” гезити