- Президент Садыр Жапаровдун президенттик кызматка киришкенине туура бир жыл болуптур. Мамлекет башчысынын бул жылдагы ишмердүүлүгүнө кандай баа бере аласыз?
- Эң алгач элдин ишенимине ээ болду. Бирок, кадр саясатынан кичине аксап атат. Жанындагылар артка тартып, жаман көрсөтүп атат. Канча жылдан бери трансформация, жер маселесин эл тарапка чечип берди, чакан ГЭСтер курула баштады... Менин президенте сунушум. Жарандык активистер менен тегерек стол уюштуруп, биздин оюбузду угуп, чогуу иш алып барсак болмок. Биз элдин арасында жүрөбүз. Көп маселелерди билебиз. Андыктан сындан ишке өтүш керек. Сындабай, өкмөт менен бирге иш алпарышыбыз керек... Ошондо чыныгы элдин мүдөөсү аткарылат... Ажобуз болгон аракетин кылып атат.
Булак: “Майдан. kg” гезити