Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 137

30 жылдан бери чек ара маселесин чечпей, улам жылма миграция жана “такталбаган аймак” деген шылтоо менен Кыргызстанга бирде куралдуу агрессия жасап, бирде жерибизди басып алып, кээде суу талашып, бейкүнөө кыргыз жарандарын атып өлтүрүп, үй-жайын өрттөп, жарандарыбызды такталбаган аймактан “чек араны бузду” деген шылтоо менен камап салып, айтор тынчтык бербей келаткан Тажикстандын бийлигинин, президенти Эмомали Рахмондун кланынын чыныгы жүзү бул ирет ачыкка чыгып, ачык айтыла баштады. Көрсө, алар өткөн жылы 28-апрелде куралдуу кыргын салганда эле кыргыздар коркуп, дүрбөп, жерин, үй-жайын таштап качат, анан түбөлүк биз ээлеп алабыз деп пландаштырышкан экен. Бирок канында баатырдык менен мекенчилдик касите бар баткендиктер алгач бир дүрбөгөн менен душманга татыктуу жооп берген соң мизи кайтып, бир чети эл аралык коомчулуктан сестенип, артка чегинишкен.

Бирок шылтоо менен Рахмондун коррупцияга белчесинен батып, өз элин жакырчылыктын сазына батырып, чет жакка кул катары иштеп кетүүгө мажбурлаган күнөөсүн жана Казакстандагыдай көтөрүлүп, бийликти кулатып салбасын деп чочулап, 27-январда кайрадан чек ара шылтоосу менен кыргыздарга куралдуу кол салуу уюштурду. Бирок Рахмондун кыргыз жерине көз артып, тартып алууну көздөгөн арам оюу тууралуу Баткен районунун экс-акими Хаиталы Айкынов мындай деди:

"Тажикстан тарап чек ара маселесин чечүүдө агресивдүү баскынчылык саясат жүргүзүүдө. Алардын максаты - чек ара көйгөйүн чечүү  менен  тынчтыкты орнотуу эмес, Баткен облусунун жер, суу, кен-байлык жаратылыш ресурстарын ээлеп алуу!

Алардын мындай саясаты  Тажикстандын бийлик органдарынын иш-аракети аркылуу жана жүргүзгөн  маалымат саясатынан байкалууда.  Ошондуктан маселе сүйлөшүү менен чечилиши кыйын болууда. Алар  провокация, чагымчылдык аракеттерди атайылап жасаган учурлар даана болууда.  Акыркы чек арадагы окуя муну даана тастыктап турат. Тажик бийлиги менен сүйлөшүүгө мүмкүн эмес. Ошондуктан үчүнчү тарап ортомчулук кылып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндө гана маселе чечилиши мүмкүн".

Баса, бул ирет Кыргызстан да, Тажикстан да мүчө болуп саналган ЖККУнун Башкы катчысы Станислав Зась чек ара маселесин курал, атышуу менен эмес, столго отуруп чечүүнү сунуш кылып, керек болсо аталган уюм же үчүнчү мамлекет жардам берерин эскертти. Сыягы, бул ЖККУнун башкаруучусу болгон Россиянын, президент В. Путиндин сөзү болушу мүмкүн.

Булак: “Майдан. kg” гезити