Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин билдирүүсүнө Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборун директору Сабырбек Жумабеков жооп кайтарды.
Анын айтымында, борбор эч кандай менчиктештирилбей эле мыйзамдуу түрдө иш алып барат. Ал эми өзүн директор кылып дайындап алды деген сөз да чындыкка дал келбесин ачыктады.
«Бизде коррупциянын элементтери жок, тендерлер мыкты өтүп жатат, коррупциянын баары тендерде. Борборубуз бардык экономикалык кыйынчылыктарга карабастан дүйнөлүк деңгээлге чыкты. КМШнын илимий борборлору менен келишимдер түзүлүп, Түркия, Германия, Япония жана башка мамлекеттердин мекемелери менен кызматташтык түзүлдү. Чоң институттар, травматология борборлору бизди сыйлап, чакырып, кызматташат. Палаталар анча жакшы болбосо да, биз операциялык бөлмөлөрдү абдан жакшы жабдыктадык. Ошол эле учурда мамлекет имплантацияга бир сом да бөлбөйт, ошондуктан бейтаптар аларды өздөрү сатып алууга аргасыз. Ал эми операциялар бекер жасалат», – деди Сабырбек Жумабеков.
Булак: argument.kg