Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 556

“Ак калпак” саясий партиясынын төрагасы Улукбек Маматаев менен маек.

- Улукбек мырза, 30 жылдан бери эмнедеген ашууларды аштык, сууларды кечтик. Мамлекетибиздеги акыркы окуялар Кыргызстан көз карандысыз саясатка багыт алганын айгинелейби?

- Кыргызстанда биринчи жолу “Кумтөр” алтын кенин элге кайтаруу жаатында реалдуу аракеттер башталды. Ошондой эле өлкөнү отуз жылдан бери талап-тоноп келе жаткан коррупционерлерге каршы аёосуз күрөш жүрүп жатат. Президенттин бул аракеттерин чыныгы көз карандысыздыкка карай кадамдар ташталды деп түшүнгүм келет. Ошон үчүн мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн жасалып жаткан иштерди,  демилгелерди баарыбыз колдоого алышыбыз керек. 

Эгемен тарыхты карай турган болсок, бир дагы президент бизден чоң державаларга карап кылчактабай, өз алдынча саясат жүргүзө алган эмес. Ошон үчүн 30 жылга чукул өнүгүү жолуна түшө албай, ордубуздан жыла албай келдик. Чынында бизге ишарат кылып, багыт берген  “агалар”  бизди артта калган мамлекет бойдон калып, дайыма жалдырап, тилемчиге окшоп жардам сурап турушубузду каалашат. Бүгүнкү күндө ошол күн карама саясаттан кутулууга, Кыргызстанды чындап көз карандысыздыкка жеткизүүгө болуп көрбөгөндөй мүмкүнчүлүк түзүлдү. Мына ошол мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай пайдаланып калышыбыз керек.

- Ал мүмкүнчүлүк Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолубу же башкабы?

- Ондогон жылдардан бери Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу эң жогорку деңгээлде талкууга алынып келе жатат. Бул темир жолунун курулушу Кыргызстанга өтө пайдалуу экендигине карабастан, бир да бийликтин аны ишке ашырууга эрки жеткен жок. Эгерде Садыр Нуркожоевич бул темир жолдун курулушун ишке ашыра турган болсо, анда Кыргызстан экономикалык жактан да, саясий жактан дагы чоң утушка ээ болот. Тагыраагы, чөлгө суу алып келгенге барабар иш жасалат. Эң негизгиси кайыр сурап бирөөнүн көзүн караган күндөр артта калат! Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу биз үчүн “Кылымдын долбоору” экендигин эстен чыгарбашыбыз керек. Президент Садыр Жапаров бүгүн үч күндүк визит менен  Кытай Эл Республикасына барат.  Эгерде, ажо сапар алкагында бул маселени кыргыз элинин пайдасына чече турган болсо, тарыхый кадам жасаган болот. Аты Кыргызстанга чыныгы көз карандысыздыкты алып келген ажо катары түбөлүккө сакталат.