Шайырбек Ташиевдин депутаттык мандатынын тегерегинде болуп жаткан сөздөргө Фейсбуктун Эрнис Нурдин колдонуучусу өз пикирин жазды:
- Шайырбек Ташиев мандатын тапшырып берсе эмне кылайын дедиңер эле! Ташиевдер үчүн Барпынын 25-30 миң эли добушун эмес, жол-полуңдан бери бөгөп, өрттөп, кан-жанын бергенге деле даяр, эй.
Ташиевдер бүгүнкү Ташиев болгуча, туулуп - өскөн жерине болушунча кол сунуп, колунда жок үй-бүлөгө саан уйга чейин сатып бериптир. Айылга чыгарган таза суу, орто мектептер, спорт залдар, жолдорун асфальттарын айтпай койсоң деле болот.
Бул ыплас саясаттын оюндары УКМК башчысы Камчыбек Ташиевди каралап баштаганда, депутат иниси Шайырбек Ташиевди аяп, "балит оюндардын залакасы бир тууганыма тийбесин" деди шекилик.
Камчыбек Кыдыршаевичтин кашкайган саясаты кашайганда, бир тууганын мандатын тапшырсын дегенин түшүнүү менен кабыл алыш керек.
Эки-үч журналисттин сын-пикиринен, 20-30 миң шайлоочунун ишенимин салыштыруу, алмаштыруу мүмкүн эмес.