- Эсенгул агай, Батыштын НПОлорго жана сырттан каржыланган маалымат каражаттарына берген каражаты аркылуу Кыргызстандын тынчтыгын бузууга аракет кылган чагымчыл иштер менен алек болот дегенге ынансак болобу?
- Сырттан келген акча булактары ар кандай багыттарга НПОлор аркылуу жумшалып жатканы жашыруун эмес. Бирок иш жүзүндө сырттан келген каражаттар кандай максатта жана кайсыл багыттарга пайдаланып жатканын дайым суроо болуп келген. Бул маселе мамлекеттин жана жарандарыбыздын коопсуздугуна тиешелүү. Орто Азиядагы демократиянын аралы жана сөз эркиндиги кыйла кенен болгон мамлекетибизде, тилекке каршы баңги, химиялык заттардын пайдаланышы көбөйүп бараткандай, өзгөчө жаштардын жана өспүрүмдөр арасында. Демек, тиешелүү укук коргоо органдары, өзгөчө Улуттук коопсуздук кызматы бул багытта профилактикалык иштерди Билим берүү министрлиги менен талбай жүргүзүүсү - бүгүнкү күндүн талабы. Себеби, мамлекетибиздин коопсуздугун бузуу максатында, элибиздин руханий байлыктарын жок кылуу максатында сырткы душмандар өз программаларын биздин кыргыз мамлекетинин жарандары аркылуу ишке ашырууга аракет кылып келишет. Ошондуктан, Өкмөттүк эмес уюмдардын каражаттары боюнча маалыматтар ачык болушун талап кылган Мыйзам туура кабыл алынган.
Ал эми Укук коргоо органдары саясаттан алыс болуп, баңгизаттар боюнча кармалган адамдардын тергөөсүн адилеттүү жүргүзүп, сотко жеткен иштер ачык айкын болсо элге чындык белгилүү болот жана нааразычылык да аз болот.
Аэлита Сатындиева