Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 391

Шаирбек Ташиев аз убакыт гана парламенттин депутаты болчудай өңдөнүп калды. Өткөн жекшембиде анын агасы, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев журналисттер менен жолугушуусунда Шаирбек Ташиев мандатын тапшыраарын айтты.

Шаршембиде айрым ММКлар “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин Фейсбуктагы билдирүүсүнө таянуу менен депутат тийиштүү арызын БШКга жолдогонун жазып чыгышты.

Бул арыз БШК тарабынан каралат. Шаирбек Ташиев Жогорку Кеңешке Жалал-Абаддын бир мандаттуу округунан шайланып келген. А эгер анын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн эрте токтотуу чечими кабыл алынса, анда президент эки айдын ичинде ошол аймакка кайрадан шайлоо өткөрүү боюнча Жарлык чыгарышы керек. Мандатын тапшырган депутат кайрадан шайлоого катыша албайт.  

 Эгер кырдаал ушул схема менен өнүксө, анда Шаирбек Ташиев бир гана мандатынан эле эмес, мындан аркы саясий карьерасынан да айрылат. Шайлоодо Шаирбек Ташиевге добуш берген шайлоочулар УКМКнын башчысынын инисинин мындай тил алчаактыгын колдоого алышпаса керек. Келечекте эгер дагы бир ирет кайсы бир жерден талапкер болууну кааласа, шайлоочу аны шайлаардан алдын беш ирет ойлонушу мүмкүн. А кокус дагы мандатын тапшырып салсачы?

 Ташиевге добуш берген жалалабаддыктар өз аймагы үчүн иштеп берет деп ишенишкен. Агасы суранганына карабай.

Бул кырдаалда Камчыбек Ташиев дагы жаңылыштык кетирет: инисин парламенттен чыгаруу менен 20 миңден ашуун шайлоочунун каалоосуна каршы иш кылган болот. Анткени, Шаирбек Ташиевдин мыйзамдуу шайланганы анык эмеспи.

Мандатты тапшыруу боюнча сөз кылганда, эске Жанар Акаев менен жакында эле болгон окуя келет. Анын ордуна парламентке гендердик квота боюнча Токтобүбү Оргалча келиши керек эле. Бирок бул окуянын айланасында жаралган ызы-чуунун жыйынтыгында, депутаттык мандат Жанар Акаевде калаары чечилген, анткени, ага Оргалчага караганда көбүрөөк шайлоочу добуш берген. Көпчүлүк БШК Жогорку Кеңештеги орунду аял-талапкерге  берип койсо, шайлоочулардын, Башкы мыйзам боюнча бийликтин ээси болгон элдин конституциялык укугун бузат деп айтышкан.

 Шаирбек Ташиевдин мандатына байланыштуу окуяда дагы шайлоочулардын каалоосун эч ким сураган жок. Ошондо, УКМКнын башчысы “кызыкчылыгыбызды парламентте коргоп берет” деп үмүт арткан депутатын кетирүү менен карапайым калктын укугун бузган болуп калбайбы.

 Болуп жаткандардын баары америкалыктар Кыргызстандагы коррупцияга каршы күрөштүн жактоочусу катары кабыл алган журналист Болот Темировдун “иликтөөсүнө” бийликтин реакциясы экени түшүнүктүү. Муну түшүнсө болот, бирок негиздүү эмес. Себеби, батыштын кызыкчылыгына иштеген, ошолордон каржыланган журналисттер дайыма саясий жаңжалдарды жаратып турууга тапшырма алаары маалым эмеспи.

Бул жаатта Болот Темиров максатына жетти: укук коргоо органдары тарабынан баңгизатты колдонууга шектелип кармалгандан кийин өзүнө өтө ыраазы болгон, ал турмак кубанган түрү менен чыкты – анын провокациялык материалы ушунчалык хайп жаратты, ал сыягы, мынчалык ийгиликтүү болуп кетээрин ойлонбосо деле керек.

А эгер ушул “батышчылдардын” шосунун жыйынтыгында, Камчыбек Ташиевдин инисинин мандаты да тартууланса, анда чыныгы триумф болот. Аны менен УКМКнын башчысы келечекте ушул сыяктуу окуяларды жаратууга мүмкүнчүлүк берет – жөн жерден ызы-чуу чыгарып койсоң болду, бийликти каалагандай бийлетесиң.

Көз карандысыз делген басма сөздүн өкүлдөрү чындап кимди казып жатканы ого бетер айкын. Шаирбек Ташиевдин мандаты – бул болгону закуска, негизги тамак – учурдагы президенттин бардык бийлиги жана анын командасы.

 Шаршембиде Бишкекте УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин инисин колдогон акция болду. Жогорку Кеңештин алдына чогулгандар Шаирбек Ташиевден агасынын айтканына көнбөөнү, мандаттан баш тартпоону талап кылышты.

“20 миң адам Шаирбек Ташиевди шайлады. Эмнеге кетиши керек?  Агасынын дагы мандатыңды тапшыр деп айтуугу укугу жок. Керек болсо эл өзү депутаттарды шайлайт, кайра өзү кетирет. Биздин депутатыбызды тынчына койгула, беш жыл иштесин”, - деди акциянын катышуучуларынын бири.

 Балким, жалалабаддыктар бул темада нааразычылыгын билдирүүнү ушуну менен токтотпосо керек.