Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 907

- Орозбек ага, сиз азыркы президент Жапаров түрмөдө жатканда "Садыр Жапаровду колдоо" кыймылын, "Садыр Жапаровду колдоо" фондун жетектеп жүргөнсүз.  Саясий айдыңда азыр анча көрүнбөйсүз. Бир гана "Мекенчил эл"саясий партиясын сүрөп парламенттик шайлоого катышканыңыздар болбосо. Анда да утушка жетишкен жоксуздар. Учурда кандай коомдук жумуштар менен алексиз?

- Жаш куракка байланыштуу мамлекеттик кызматтарга умтулган жокпуз. Жапаровду колдоп келген күчтөр менен "Элдик көзөмөл" жана "Мекен" өнүктүрүү фонду коомдук уюмдарын түзүп, элибизге,  мамлекетибизге кызмат кылууга аракет жасап жатабыз.  Ошол эле күчтөр менен парламенттик шайлоого катыштык. Президентке талап койгон жокпуз:"Сизди кыйын кезде колдогонбуз, эми сиз бизди колдоңуз" деп. Жеңишке жетише албасак да биздин бир топ жаңы күчтөр чоң саясий жарышка катышып, зор тажрыйба топтошту. Биз капчыктуу, бирок, мамлекет казынасына кол салып элге жек көрүндү олигархтарга таянган жокпуз. Кыргызстаныбыздын ар кандай маанилүү тармактарында олуттуу кызмат жасап келатышкан ишмерлерин топтогонбуз. Парламенттик шайлоо бүткөн менен саясий күрөш бүтпөйт. Биздин патриот күчтөр дагы эле эл жүгүн аркалоого даяр.

- Жапаровду колдогон сиз сыяктуу көптөгөн инсандар же кызматтарга илинбей  же каражаттарга жетишпей таарынычта, алды оппозицияга өтө чыгышты го.

- Жапаровду жүз миңдеген адамдар колдоп келатышат.  Алардын дээрлик көпчүлүгү бийлик, байлыкка умтулбаган элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын жогору коюшкан патриоттор. Арийне,  антип өз пайдасын ойлоп аркы жээкке өтө качкандар да жок эмес. Бирок, андайлар азчылык. 

- Күн өткөн сайын Садыр Жапаровго ишеним азайып, 4-революцияга даярдык добулбасы кагылып атканына эмне дейсиз?

- Жапаровду бийликке расмий отурганына эми араң бир жыл толду го. Ошого карабай бир топ алгылыктуу, ал түгүл тарыхый улуу долбоорлор жүзөгө ашырылып атпайбы, ичи алалар ошолорду көргүсү келбей аткандары өкүнтөт.

 

- Кандай алгылыктуу жана тарыхый долбоорлор?

- Канча жылдан бери биринчи жолу жыл жыйынтыгында экономикалык өсүшкө ээ болуп, бюджет профицит менен чыкты. 500 миллион доллар,  же 50 миллиардга жакын сом таза кирешеге жетиштик. "Темир жол", "Манас" аэропорту, "Мегаком" өңдүү алдыңкы тармактар мурдагыдан кыйла олуттуу кирелерди алды. 30 жылдан бери чуулдап пайдасын четтиктерге тарттырып жүргөн "Кумтөр" алтын кенибизди кайтарып алдык. Буйруса,  "Кумтөр" эми жылына казынабызга жарым миллиард долларга жакын киреше киргизет. Ушул өңдүү дагы бир нече улуу, тарыхый долбоорлор даярдалып аткандыгы кубантат. 

Ал эми коррупцияга каршы чыныгы күрөш жүргүзүлүп, Жапаров менен Ташиев баштаган бийлик бир жылда жегичтерден 8 миллиард сом кустурганы да улуу окуя эмес эмне?! Эң башкысы - мамлекеттик кызматкерлер казынага суук кол салуудан коркуп калышты. 

Жапаровдук бийликтин мындай олуттуу аракеттерин кеменгер элибиз байкап-билип турушат. 4-революцияны эңсегендер бийликке жетпей калгандар, байлыктарынан ажырап аткандар жана алардын тарапкерлери гана.