Кыргызстандын сырткы саясаты боюнча көп пландуу жана максаттуу иштер улантылаары, ал мамлекеттик көз карандысыздык жана эгемендүүлүктү сактоо, аймактык бүтүндүктү камсыздоо, экономикалык өнүгүүгө багытталаары өлкөнү 2026-жылга чейин өнүктүрүү улуттук программасын талкуулоо учурунда айтылды.
Мында өзгөчө көңүл 2020-жылдын октябрь окуяларынан кийин өлкө туш келген маселелерди, ошону менен катар коронавирустук пандемиянын коомдун саламаттыгына, экономикага жана башка тармактарга тийгизген кесепеттерин чечүүгө бурулганы айтылган.
Министрлер Кабинети болсо, сырткы саясат боюнча иштер улуттук кызыкчылык эске алынып жүргүзүлөөрүн убадалады. Буга чейин мамиле жасалып келген өлкөлөр менен байланыш өзгөрүүсүз калат, ошол эле убакта жаңы өлкөлөр менен да катнаш жанданат. Бирок кайсы жаңы өлкөлөр Кыргызстандын өнөктөштөрүнө айланаары ачык айтыла элек.
Улуттук программадан улам өлкө ЖККУ жана ЕАЭБден чыкпай турганын белгилүү болду. Кыргызстан жетекчилиги сырткы саясаттын приоритети катары аталган биримдиктер менен кызматташууну тандап алышты.
Азия, Араб өлкөлөрү, Америка, Европа менен кызматташуу пландуу өнүгөт. Алар менен сырткы соода кооперациялары жүргүзүлөр, гранттарды, түз инвестицияларды тартуу жүргүзүлөт экен. Ошондой эле, экономикалык дипломатия атамекендик өндүрүштү чет өлкөлөргө чыгарууну колго алаары маалым болду.
Булак: “Майдан. kg” гезити