Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 156

Россиянын ЛДПР партиясынын лидери Владимир Жириновский Казакстандагы окуяларга көз салып турган коомчулуктун көңүлүнө шек салып койду. Анын айтканына ишенсек, коңшу өлкөнүн мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев эчак эле каза таап, жерге берилип калыптыр.

Россиялык саясатчы мындай ойго аны Казакстандын экс-президенти эчактан бери коомчулукка чыкпай калганы түрткөнүн белгиледи. “Менин оюмча, Назарбаев эчак каза болгон. Эчак каза болгон жана эчак көмүп ташташкан. Мусулмандар адам каза болгон күнү эле сөөгүн жерге беришет. Тирүү болсо, кантип эч ким таппай тургандай жашынып, бир ооз сөз айтпай унчукпай отурат? Андай болушу мүмкүн эмес”, -деген Жириновский.

Ошондой эле, Жириновский Казакстандын улуттук коопсуздук Комитетинин мурдагы төрагасы Карим Максимов дароо камакка алынганын мындайча чечмелеген: “Чыгышта мындай иштер адатка айланып калган. Нурсултан Назарбаевге каршы эл чыкканын эске алсак, мурдагы президенттин көзүн оңой эле тазалап коюу мүмкүн”.

Ошол эле учурда Англиядагы The Guardian басылмасы Касым-Жомарт Токаев менен Нурсултан Назарбаев учурда “катуу сүйлөшүүлөрдү” жүргүзүп жатканын, активдерди, кирешелерди, баалуу кен байлыктарды бөлүштүрө албай кыйналып атканын жазып чыкты.

Басылманын белгилөөсүндө, бийлик үчүн күрөш дагы деле уланууда. Бийлик, таасир бөлүштүрүү тынч аяктайт дегенге эч кандай кепилдик жок. “Касым-Жомарт Токаев Нурсултан Назабаевди жана анын үй-бүлөсүн бийликтен алыстатып, таасирлерин жок кылуу үчүн репрессиялык кадамдарга барды. Назарбаев менен сүйлөшүүлөрдү улантууда, бирок Назарбаевдин эрасы аяктады. Саясий элитанын бир бөлүгү болсо Токаевге көздөрү түз экенин, колдой тургандыктарын билдирүүгө үлгүрүштү”,- деп жазды аталган гезит.

Булак: “Майдан. kg” гезити