Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 167

Негизи бизде Жогорку Кеңештин жаңы шайланган чакырылышы ишке кирген сайын парламенттин түзүмүндөгү жетекчилик кызмат орундарынын бөлүштүрүлүүсү боюнча нааразылыктар, кайчы пикирлер орун алып келет. Бул жолу да ошондой болду.

Бирок антип нааразы болууга негиз барбы? Эгерде  дүйнө өлкөлөрүндөгү  парламенттердин  түзүмдөрүнө көз жүгүртсөк, анда комитеттердин жетекчилери  партиялардын алган добуштарына, мандаттардын санына жараша бөлүштүрүлөт.  Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын түзүмүндө деле ошол мыйзамдык ошол принцип, эреже сакталганын танууга болбойт. 

Карап көрө турган болсок, Жогорку Кеңештин түзүмүндөгү жетекчилерди шайлоодо “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынан сырткары бардык фракциялар жана депутаттык топ эске алынып, мандаттардын санына жараша бөлүштүрүлгөн. Айталы, төрага Талант Мамытов “Ынтымак” фракциясынан  болсо, анын үч орун басарлыгына “Ишеним”, “Ата-Журт Кыргызстан” фракцияларынан жана бир мандаттуу округдан шайланып келген депутаттар шайланды.

Комитеттер боюнча да ушуну айтууга болот. Сегиз комитеттин үчөөсүнүн төрагалыгына  “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынан шайланышса, 2 комитетке “Ишеним”, 1 комитетке “Альянс”, 1 комитетке “Ыйман Нуру”, ал эми 1 комитетке “Элдик” депутаттык тобунан шайланышты. Көрүнүп тургандай, “тең бөлүшкөндү теңирим сүйүптүр”, дегендей  теңчилик  менен  калыс шайланышты.  Ошондуктан комитеттердин башчыларын шайлоодо  калыстык, теңдик болбой калгандыгы тууралуу сөз кылууга, маселени саясатташтырууга эч кандай негиз жок экенин акыйкаттык үчүн белгилей кетели.

Ошентип, көптөн бери ишин баштай албай келаткан 7-чакырылыштын  түзүмү толугу менен аныкталып, өз иштей баштады. Ооба, Конституция жаңыланып, ага ылайык, президенттик өлкөгө айландык. Бирок аны менен парламенттин ыйгарым укуктары, милдети, жоопкерчилиги азайып кеткен жери жок. Жогорку Кеңештин  дагы деле болсо мыйзам чыгаруу бийлиги катары  мамлекеттин, элдин алдындагы милдети, максаты жана жоопкерчилиги  чоң. Өлкөнүн социалдык жана экономикалык жактан өнүгүүсү дагы деле болсо парламенттин ишмердигине көптөн көп көз каранды. Парламент мыйзам чыгаруу, алардын  аткарылышын көзөмөлдөө жаатында канчалык жакшы иш алып барса, андан элибиз гана утат. Андыктан 7-чакырылыштын ишине ийгилик каалайбыз!  Элдин, шайлоочулардын ишеним, үмүттөрүн актасын!

Булак: “Майдан. kg” гезити