Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 193

- Каныбек агай, кылмышкер менен динди туу туткандар  биригип кетип Казакстандагы абал жаралдыбы?

- Казакстандагы абалдын курчуп кетишине биринчи кезекте убагында өзүнчө эле Элбашы болуп алган Нурсултан Назарбаев менен анын мафиялык үй-бүлөсү күнөлүү. Диндин чыныгы маанисинде бул жерде эч кандай күнөөсү жок. Ошол динге жамынып алып, өздөрүнүн кызыкчылыгын көздөгөндөр айыптуу. Андайлар бизде дагы көбөйүп жатышат. Президент Токаев учурдан укмуш пайдаланып кетти. Анын жылдызынын жанып кетишине Россия башчылык кылган ЖККУнун куралдуу күчтөрү көмөк көрсөтүштү. Кылмышкердик иштерди Назарбаевдин "өздүк армиясы" ишке ашырды. Караңгы динчилдерди дагы ошолор эле алып чыгып, элди кыргынга салышты! Анан карапайым казактар дагы өздөрүнүн эрдиктерин көрсөтүп коюшту. Натыйжада, азыр Казакстанда өтө оор абал түзүлдү. Эл эми тынчыбай калды го?

- Токаевдин Казакстанга 20 миң террор кирди, "Эл аралык терроризм" деп коңгуроо какканы  чындыкка жакынбы?

- Жок. Бул президент Токаевдин саясий эле "манёвру" болду. Саны эки дивизияга чак келген террористтер өлкөнү 2 саатта жөн  эле басып алмак. "Эл аралык терроризм" деген коркутуу түшүнүгүн Токаев өздөрүнүн айыбын жабуу үчүн чоң чеберчилик менен колдонду. Негизги саясий соккуну ЖККУга буруп салды.  Болбосо, төңкөрүшчүлөрдү  өзүнүн күч түзүмдөрү менен эле басып койду го?  Токаев менен ЖККУнун өнөрлөрү азыркы геосаясат оюндарынын жаңы согуштук  тактикалык технологиясы болуп калды.