Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 172

- Токтогул агай, бүгүнкү күнгө чейин бийлик Казакстанга 150 жоокер жөнөтүп, калпыстыкка жол берди деп жатышат. Бул боюнча кандай пикирдесиз?

- Келишимге кол койгондуктан, жоокер жөнөтүү милдетибиз болчу. Ошондуктан, Казакстанга жоокерлерди жөнөткөнүбүз туура эле болгон. Ошон үчүн ар нерсе дей бериштин кажети жок.

- Токаев “Эл аралык терроризм” деп  айтканына ынансак болобу? Ал чындыкты айттыбы же дүйнө коомчулугунун башын айланттыбы?

- Казакстан дүйнөлүк талашка түштү. Себеби, төңкөрүшчүлөрдүн максаты  ишке ашпай калды. Эми  ар тараптуу күрөш күчөйт. Негизи  Ж.Токаев кылмышкерлер менен диндин биригиши коркунуч туудурат деп орундуу жана даректүү сөз айтты. Ошон үчүн ал дүйнө коомчулугунун башын айландырып жатат деген ойдон алысмын. 

- Казакстандагы ызы-чууга суютулган газдын кымбаттаганы себеп болдубу же “эларалык террористтер” абалды курчутуп  жибердиби?

- Негизи Казакстандагы жагдайга, элдин көчөгө чыгышына социалдык абал себеп болду. Дин менен ойногон өтө чоң жаңылыштык. Бирок акыркы убактарда терроризм мусулман кыймылдарынан чыгып жатпайбы . Айтайын дегеним, дин саясатташып кетти. Дагы Кудай жалгап, абал турукташып калды. 

- Бирок айрым аналитиктер Токаев эл аралык терроризм деп аша чаап кетти деп сындап жатышат го. Бул боюнча кандай ойдосуз?

- Токаевдин да айтканын жөнү бар. Анткени, эл аралык террористтерди жергиликтүү элден даярдайт. Мисалы, 1999-жылы болгон Баткен окуясында  ИДУнун арасында түштүк тараптан чыккан кыргыз жарандары болгон.