Казакстандагы акыркы окуялар "мамлекеттик төңкөрүш жасоо" аракети катары бааланды. Бир катар белгилүү фактыларды эске алып, анализдеп көрсөңүз сырдуу бир жыйынтыкка келесиз:
Казак президенти митингдер башталганда, карапайым элдин талабы аткарылат деп белгилеп, газдын баасын арзандатуу чечимин кабыл алган. Бирок тынчтык митинги башаламандыка айланып, обьектилер өрттөлүп, деструктивдүү күчтөр активдүү иштеп баштаганда, дароо 6-январда Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Карим Масимовду дароо камакка алып, ага "мамлекетке чыккынчылык кылуу" беренеси менен айып такты. Аны менен катар дагы бир катар КНБнын жетекчилери кызматынан бошотулду. Айрымдары "өз жанын кыйып, каза болгону" кабарланды.
"Мамлекетке чыккынчылык (госизмена)" деген берененин Карим Масимовго коюлганы - биздин божомлдорго жол ачат. Анткени, аны өлкө президенти билдирүүлөрүнүн биринде "КНБнын жетекчилери аэропортту басып алууга жол берген, атайылап козголоңчуларга жолду ачып берип берген..." деп белгилеген. Мындан сырткары, карапайым элдин митингин "сырткы күчтөр" тарабынан уюшулган, атайын даярдыктан өткөн кылмыштуу топтор пайдаланып кетүүнү көздөгөнү, КНБ тарабынан эч кандай чара көрүлбөгөнү белгиленди.
Баарыбыз билгендей Уйгур эли негизинен Кытай Эл Республикасындагы Шинжаң -Уйгур автономдук облусунда жашайт. Башка элдердей эле, дүйнөнун бир катар өлкөлөрүндө азчылык катары жашаган уйгур эли да бар. Мисалы, жалпы Казакстан боюнча уйгурлар 300 000ге чукул экени расмий маалымдалат. Негизинен Алматы аймагында жашашат.
Жашырганда эмне, учурда Уйгур элине биринчи кезекте эгемендүү Уйгур мамлекети керек. Кытайда алардын укуктары кордолуп жатканы тууралуу ар кандай маалыматтар ЖМКлардан чыгып турат. Айрыкча Батыш жана АКШга караштуу уюмдар, Кытайдагы уйгурларга колдоо көрсөтүүнүн үстүндө жумуш алып барып жатышканы маалым.
Эми кайра Казакстандын КНБ башчысы Карим Масимовго кайталы. Масимовдун улуту - уйгур. Казакстанда эң таасирдүү кишилердин бири. Өлкөнүн премьер-министри кызматына чейин жеткен мамлкеттик ишмер. Акыркы жылдары Улуттук Коопсуздук комитетинин башчысы болуп турду. Ага "мамлекетке чыккынчылык" беренеси менен айып тагылды. Эгер Масимов жөн гаан "өз кызматын так аткара албай, башаламандыкты алдын албагандыгы үчүн" жазага тартылганда, башка маселе болмок. Бирок аны казак тарап "Казакстанга чыккынчылык" кылгандыкта айыптап жатат. "Анын сырткы жана ички деструктивдүү күчтөр менен сүйлөшүп алып, атайылап мамлекетке чыккынчылык кылган" деп айыпталууда.
Ал "күчтөр" кимдер болушу мүмкүн?
Казакстанда кармалган кыргызстандыктардын дагы дээрлик көпчүлүгү уйгур же дунган улутундагылар экени көрүнүп турат. Кармалган казакстандыктардын дагы негизги курамын уйгурлар жана дунгандар тузүп жатканы байкалууда. Демек, Казакстанда мамлекеттик төңкөрүш жасоо менен бирге, Уйгур мамлекетин түзүү аракети болгон деп божомолдоого болобу? Бул тууралуу казакстандын тийиштүү кызматтарында жетиштүү маалыматтар бар болгондуктан, Карим Масимов чыккынчылыкта айыпталып жаткан жокпу?
"Уйгур элинин укугун коргойбуз" деп жаткан Батыш саясий күчтөрү да мына ушул план ишке ашпай калгандыктан, адам укугун шылтоо кылуу менен Казакстан жана ОДКБга каршылыгын көрсөтүп жаткан жокпу?
Казакстандын аймагында "Уйгур мамлекетин куруу операциясына" Масимов өзү баш болуп катышып, бүткүл дүйнөдөгү уйгур диаспорлары аркылуу тымызын уюштуруу иштерин жүргүзбөдүбү?
Албетте бул болгону бир версия деңизчи. Бирок, кайсыл гана мамлекет болбосун, өзүнүн эгемендүүлүгүн, бүтүндүгүн сактап калууга болгон күчүн жумшайт. Кыргызстандыктар бул теманы 2010-жылдагы окуялардан соң жакшы түшүнөт. Анда Кыргызстандын түштүгүн автономдуу мамлекет катары бөлүп алууга кызыктар күчтөр чыкканы белгилүү.
Жыйынтыктап айтканда, Кыргыз эли да бул сыяктуу жагдайлардан тийиштүү жыйынтык чыгарып, өзүнүн эгемендүү өлкөсүн сактап калуу үчүн биринчи кезекте ынтымактуу болушу зарыл. Эгемендүү мамлекект боло албай жүргөн канчалаган элдер бар. Кыргызстанбыздын кадырына жетели. Өз камын ойлогон ар кандай тышкы жана ички саясий күчтөргө курал болуп бербейли.
Булак: ФБ