Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 146

- Шаирбек мырза,  Президент Садыр Жапаров диктаторлордун чогулушуна катышпай койгону туура болду деген пост жаздыңыз. Ал жыйынга катышса эмне болот эле?

- Анткени, Казакстанда түзүлгөн кырдаалга жараша, Кыргыз Республикасы ЖККУ келишимине ылайык, өз милдетин толук түрдө аткарды. Башкача айтканда, биздин аскерлерди тынчтык орнотуу максатында жибердик. Президент Садыр Жапаров өзү макулдук берип, андан кийин Жогорку Кеңеш да колдоп берди. Албетте, Казакстандагы башаламандыктардын себептери жана жыйынтыктары суверендүү Казакстандын жана анын элинин ички иши деп эсептейм. 

Бирок укуктук мамлекет катары келишимдин шарттарын аткарууга милдеттүү элек. Ошондуктан, коомчулук бул чечимге каршы болдук. А бул болсо, биздин ички ишибиз деп эсептейм. 

Бирок кырдаал тынчтанып баштаганда, Казакстандын расмий бийлиги тараптан, Кыргызстандын дарегине орунсуз айыптоолор айтыла баштаганы өтө туура эмес болуп, эки элдин достугуна, боордоштугуна сокку урду. Мындай кырдаалда, биз бир өлкө катары, бийлик да, жарандарыбыз да бир позицияга келдик! Алгач, УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев бул айыптоолорду кескин түрдө четке какты. Андан кийин, президент Жапаров ЖККУнун онлайн чогулушуна демонстартивдик түрдө катышпай койгону аябай туура кадам болду деп баа бердик. Элибиз, бийликтин ушул кадамдарына ыраазы болду. Жакшыны жакшы деп, туура эмес жерди сындап турган Кыргызстандын эли чындап эркин мамлекетте жашап жатканыбызга дагы бир ишендик. 

Эл аралык коомчулукта да, кыргызстандыктар эң эркин эл катары мүнөздөлүп жатат. 

Сырткы коркунучтарда, сыноолордо дайыма бир күч болуп, ынтымакта болушубуз керек!

А эгер президент ал чогулушка катышса, башка өлкөлөрдүн эскиден келе жаткан диктатор жетекчилери биздин президентке кандайдыр бир басым жасап же болбосо дагы кайсы бир, биздин улуттук кызыкчылыктарга туура келбеген кадамдарды жасоого үгүттөп, а балким кыйыр түрдө басым жасоого аракеттенишмек. 

Өз элинин кызыкчылыгынан көрө, өзүнүн жеке бийлигин тандаган президенттерди кандай тагдыр күтүп турганын, акыркы окуялар тастыктап жатканын көрүп турабыз. 

Демек, президент Садыр Нургожоевич өз элинин, өз жеринин, биздин өлкөбүз Кыргызстандын кызыкчылыгын баарына өйдө койоорун далилдеди!