Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 113

Ал бүгүн жаңы өкмөттүн курамын дайындап жатып, Казакстанда бир катар саясий-экономикалык реформалар тууралуу да сөз кылды. Ал өлкөдө “Казакстан калкына” деген атайын фонд түзүлөрүн айтты. Ага каражат чогултууга казакстандык ири миллиардерлерди көмөк көрсөтүшү керек деп белгиледи.

“Биринчи президент – Эл башынын колдоосу менен өтө кирешелүү компаниялардын тобу жана эл аралык стандарттарга ылайык болгон өтө бай адамдардын бир ууч тобу пайда болду. Аларга казак элине сый-урмат көрсөтүп, эми системалуу түрдө жардам берүү убагы келди деп айтмакчымын. Өкмөт бул компанияларды аныктап алып, алар менен атайын фондго которулуучу каражаттын жылдык көлөмүн белгилеп алышы зарыл” – деп кошумчалаган казак президенти.

Ошондой эле, Токаев өлкөдөгү башка байларды да бийликтин калктын турмушун оңдоо аракеттерине кол кабыш кылууга чакырып өттү.

Белгилей кетсек, казак президенти Токаевдин бул билдирүүсү туңгуч президент Нурсултан Назарбаевге карата айтылган алгачкы сыны катары кабыл алынды.

Булак: maralfm.kg