Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 175

Казакстандык журналист Газиза Раимбек кыргызстандык пианист жана музыкант Викрам Рузахуновду терроризмге айыптаган билдирүүнү биринчилерден болуп соцтармактарга тараткан эле. Анысы үчүн бүгүн кыргызстандыктардан кечирим сурады. 

Ал Казакстандын атайын кызматынын жана жергиликтүү маалымат каражаттарынын кетирген катасын моюнуна алган жана бул үчүн өзүн ыңгайсыз сезип жатканын айткан. Аны менен катар оор күндөрдө кыргыз эли казактарды ар тараптуу колдоого алганы үчүн ыраазычылыгын билдирген.