Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 218

- "Казактар кыргыздар уюштуруптур деп күнөөлөп жатышат. Уяттары жок экен" деп эле дүрбөп калыптырбыз да, туугандар...

Мындай чоң тополоңдо ар кандай каталар болот, такталбаган маалыматтар чыгып кетиши мүмкүн. Чет элдик жарандар, анын ичинде биздин да атуулдар кокусунан катышып же акчага сатылып, көпчүлүктүн дүрмөтү менен азгырылып кетиши мүмкүн... Мындай нерселерден чоң жыйынтык чыгарып, казак эли бүт, же казак бийлиги бүт ушундай, булар жакшылыкты билбейт деген кур кыйкырыктан алыс болуп турганыбыз оң го дейм...

Фейсбукта акылы толгондор да, акылы кемдер да, атайлап эки элди уруштургусу келгендер да толтура да. Андайлар бизде да, казактарда да бар, муну баарыбыз түшүнүп эле турабыз! Ал жакта жагдайды оңош үчүн чоң иштер жүрүп жатат, ахвал оор, бирок оң жолго түшүп келатат деген расмий маалыматтар бар.

Тополоңдун себептерин, ким уюштурганын, ким күнөөлүү экенин акыры угабызда. Андан көрө Алматыга учалбай, Бишкек аркылуу учуп келатышкан казак жарандарына көргөзгөн кыргыздардын, Кыргыз бийлигинин камкордугуна, сыйына, урматына суктанган казактардын постторун көбүрөөк бөлүшөлү.

Казак менен кыргыздын биримдигин эки тараптын тең наадандары, тентектери, кемчонтойлору буза албайт! Бул түбөлүктүү нерсе!