Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев Казакстанга карата Кыргызстандын мамилеси гуманитардык жардам берүү менен гана чектелиши керек деп эсептейт.
"Башмыйзамда эгер Кыргызстан сыртка аскер жөнөтө турган болсо, ага Жогорку Кеңеш макулдук бериши керек деп жазылган. Ошондуктан, биз азыр милдетибизди аткарып Казакстанга аскер жиберүү боюнча маселени карайлы деп турабыз. Менин көз карашымда, аскер жөнөтүштүн кереги жок. Анткени, бул Казакстандын өзүнүн ички маселеси. Керек болсо гуманитардык, материалдык, техникалык жардам кылсак болот", - деди депутат.
Эске салсак, Казакстанда январь айынын башталышы менен күч алган элдик толкундоо солгундай элек. ЖККУнун келишиминин негизинде Токаевдин өтүнүчү менен Россиянын аскерлери 6-январда казак жергесине келишкен.