Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 609

- Каныбек агай, Аскар Акаев "Кумтөр" үчүн суракка келиптир. Ал "Кумтөрдөгү" коррупциялык схеманы ачууга чындап белсенип кириштиби?

- Катуу суроо бердиң. Ушул сурооңу "менмин" деп өпкөлөнгөн саясатчыларга берсең жакшы болмок! Куйруктарын түйгөн боюнча качып кетишет. Анткени, баарынын "көчүгү" булганып калган. Эми Акаев жөнүндө. Азыр келип сурак берип жатканынан мен корко баштадым! Эмне үчүн? Бул "азамат" кыргыз элин геноцид кылган айбан! Азыр сурак берип жатканы жөн эле спектакль. Керектүү "кишилерге" акча берип койгону жөнүндө дагы сөздөр кетип жатат! "Кумтөрдүн" аркасында көп оюндар бар! Академик Акаев жөн эле жашай бергендин ордуна "Центерранын" агенти болуп алып уламдан-улам улам кыргыз элинин кыжырына тийип жатат. Кыргыз муну ордуна коюп коюп койот го!

- Биринчи жолу келгенде эптеп эле Кыргызстанга келүүнү максат кылып, "Кумтөрдү" шылтоолоду дегенбиз. Азыр ал кандай максат менен келди?

- Анын ою ошол эле экенин эми гана түшүнүп жатпайбызбы? Канча бай болсо дагы мекен кандай экенин түшүндү окшойт, келесоо академик! Башка маселе Акаев Кыргызстанга келип жашоого моралдык акысы барбы? Менимче жок! Акаев кыргызды мүңкүрөтүп койду! Мен дагы Акаевге окшоп эле физикмин. Биз СССРде тарбиялангабыз. Ошол кездеги идеологияны туу тутканбыз. Кийин СССР кыйрады. Аны кыйраткандырдын эң активддүү оюнчуларын бири ушул Акаев болду да! Биздин кошуналар өзбектер, казактар, тажиктер, түркмөндөр завод-фабрикаларын, колхоз-совхоздрун сактап калышты. Аларга жаңыча дем беришип, азыр укмуш дем менен иштей башташты. А биздин академик Акаев эмне кылды? Бардык мүлктү туугандарына, жасакерлерине менчиктеп берип койду! Эми уялбай мен тазамын деп келди! Менин эсим ооп турат!

- Акаевдин келиши менен "Центерра" Кыргызстандан биротоло утулабы же дагы кандайдыр бир оюндар башталабы?

- Акаев "жулик оюнчу" экенин мен эми түшүнө баштадым! Акаевдин ушундай "сапатын" бийлик дагы түшүнсө жакшы болот эле. Азырынча түшүнбөй турушат. 

- Акаев суракка келимиш болуп, өз максаттарын ишке ашырып кетпейби?

- Азырынча түшүнбөй турам! Өлүмүш болуп элдин ишенимине ээ болом деп жатат. Анын "пиарщиктери" чоң жаңылыштарды кетиришти. "Кыргыздын кеги кырк жылда" деген сөз бар! Акаев өзүнүн элине кылган кылмышына жооп бере турган мезгил келет! Кыргыз өзү эле сурап алат. Ошондой эле суракка кийинки 4 президенттер дагы жооп беришет!