Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 427

Мурдагы президент Аскар Акаевдин Кумтөргө байланышкан коррупциялык иштин бетин ачуу боюнча тергөө менен кызматташуусунан кандай жыйынтык күтүүгө болот? Бул суроого жарандык активист Качкын Булатов жооп берди. 

- Жакында Аскар Акаев Кыргызстанга келди, тергөө менен кызматташып, уурулардын бетин ачат деп эле дүрбөлөңгө түшүп калышты. Акаев бир убактарда уурулук кылганын, үй-бүлөсү: аялы, баласы, кызы, күйөө баласы менен чогуу кыргыз элинин байлыгын уурдаганын баарыбыз билебиз да. Уурулук кылбаса 2005-жылы эмнеге революция болду?! Уурулук кылганы үчүн кубалабадык беле! Андан кийин Москвада, Европанын айрым өлкөлөрүндө дүкөндөрүн ачканын, бизнесин түптөгөнүн угуп жүрдүк. Экинчи президент Курманбек Бакиевдин да Белорусияда жөн жатпай, заводдорду ачканын айтып жүрүшөт. Мунун баары Кыргызстандын байлыгы, Кыргызстандан уурдай качкан акчалар да. Эми ошол ууру Акаев тергөө менен кантип кызматташып, кайсы уурулардын бетин ачып берет экен?! Башкы ууру өзү болсо, өзүнүн бетин ачабы? Булар бирөөгө көө жаап, өзүн ак кылып көрсөтүүгө эле уста эмеспи! Мен буларды жазалансын, камалсын дегенден алысмын. Бирок "кустуруш" керек, болгондо да ичеги-карынын кошуп "кустуруш" керек! Акчаларды Акаев, Бакиев, дагы башка качып жүргөн министрлер кайтарсын! Кыргыз элинен кечирим сурашып, алып кеткен акчаларды кайтарып беришсин! Бирөөнүн бетин ачканды коюп, өздөрүнүн бетин ачышсын!