Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 115

Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев бүгүн "Кумтөр" иши боюнча күбө катары УКМКга суракка келди. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына президенттин аппаратынын мурдагы жетекчиси Бекболот Талгарбеков билдирди.

Анын айтымында, Акаев суракка саат 10:00дө келиши керек болчу. Биринчи президент УКМКнын имаратында канчага чейин болоору белгисиз.

Эскерте кетсек, буга чейин Vesti.kg сайтына Аскар Акаевдин Кыргызстанга келгени маалымдалган. Ал Кумтөр алтын кенин иштеткен компаниянын иши боюнча тергөө менен кызматташып жатканы белгилүү. Бир нече күндөн кийин ал кайрадан Москвага учууну көздөөдө.

Булак: vesti.kg