Урматтуу шайлоочулар!

28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо күнү. Демек, дал ушул күнү бардыгыбыздын жакынкы 5 жылдагы келечек тагдырыбыз аныкталат. Шайлоо - бул  тандоо. Биз ишенебиз, Сиздер “Ата-Журт Кыргызстан” партиясына добушуңузду берип, туура тандоо жасайсыздар! Анткени, биздин партиянын туусунун алдына топтолгон, алдыңыздарга чыгып жаткан талапкерлер командасы гана Кыргызстанды бүгүнкү туңгуюктан алып чыга алат!

Бардыгыңыздар элдин, мамлекеттин, түбөлүктүү ата-журтубуз Кыргызстандын гүлдөп өсүп-өнүгүүсүн, азыркылардын гана эмес, кийинки муундарыбыздын да татыктуу турмушта жашоосун ойлойсуздар, каалайсыздар. Чыныгы мекенчил атуулдарыбыз үчүн андан ыйык, бийик максат да, кызыкчылык да жок. “Ата-Журт Кыргызстан” партиясы мына ушул ыйык максаттарды ишке ашыруу үчүн баарына даяр. 

“Бүт дартымды өз мойнума алайын,
Сен ооруба, мен ооруйун Ата-Журт” же болбосо:
“Ата-Журт кыйын күнгө кабылганда,

Айлансың ар бир уулуң чагылганга!”- деп сүйүктүү акындарыбыз жазып кеткендей, ыйык Ата-Журтубуздун келечеги үчүн биз өз башыбызды тобокелчиликке салууга ар дайым даярбыз!

Ошондуктан, Сиздерди 28-ноябрда бюллетенде 21-орунда турган “Ата-Журт Кыргызстан” партиясы үчүн добуш берүүгө чакырабыз!
    
Башка партиялардан “Ата-Журт Кыргызстан” эмнелери менен өзгөчөлөнөт?

Биринчиден, “Ата-Журт Кыргызстан” - өздөрүн конкреттүү иштерде көрсөткөн; ар кимиси өзү иштеген тармагынын кемчиликтерин гана эмес, аны оңдоонун жолдорун да жакшы билген чыныгы мекенчил-кесипкөйлөрдүн партиясы.    

Экинчиден, биз бийликтеги, ар кандай тармактардагы коррупцияга, кылмыштуулукка, тууганчылыкка, жердешчиликке каршы элдешкис позициядабыз. Биз парламентке келсек, аларды дагы эселенген темпте, жигерленген күчтө улантабыз. Кыргызстандагы башкаруу органдарын элдин, мамлекеттин кызыкчылыктары үчүн таза, ак иштөөсүн камсыз кылабыз.

Эл - бийлик үчүн эмес, бийлик  - эл үчүн иштеп жашоосу, жарандарыбыздын адал эмгек менен тапкан байлык-мүлктөрү кол тийгис болуп корголуусу, бизнеске, ишкерликке, инвестицияларга, жалпы эле ак иштегендерге  баардык ыңгайлуу шарттар түзүлүүсү керек. Ишеним көрсөтсөңүздөр биз буларды кыйшаюусуз аткарабыз.
    
Үчүнчүдөн, өлкөдөгү саясый жана социалдык туруктуулукту, мыйзамдуулукту, элдин биримдигин жана ынтымагын баарынан жогору коёбуз.

Биз үчүн ата журтубуздун коопсуздугун, элдин тынч жашоо тиричилигин, чек араларынын кол тийгистигин сактап, коргоодон өткөн маанилүү милдет жок. Өлкөнүн коргонуу кубаттуулугун чыңдоого баардык күчүбүздү жумшоодобуз жана мындан ары да биз үчүн ал артыкчылыктуу милдеттерден болуп кала берет.

Урматтуу шайлоочулар!

“Ата-Журт Кыргызстан” партиябыздын шайлоо алдындагы программасы 7 багыттан турат. Аларда өлкөбүздүн саясый, экономикалык жана социалдык, гуманитардык көйгөйлөрүнүн баардыгы камтылган, чечүүнүн жолдору көрсөтүлгөн. Биздин партиябыз - элдин, өлкөбүздүн кызыкчылыктарына негизделген  креативдүү реформачылдардын партиясы.

Биз Сиздердин кызыкчылыгыңыздар менен жашайбыз, иштейбиз! 

Чыныгы өзгөрүүлөргө убакыт келди! 28-ноябрда бир кишидей болуп шайлоо участкаларына келип, Ата журтубуздун, сүйүктүү өлкөбүз Кыргызстандын ишенимдүү келечеги - “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын чыныгы мекенчил, кесипкөй уул-кыздары үчүн добуш бериңиздер!

Бизге ишениңиздер, колдоңуздар! Ишенимиңиздерди, үмүтүңүздөрдү актоого баардык күчүбүздү жумшайбыз! “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын жеңиши – жалпы Кыргызстандын жеңиши!
    

Возможно, это изображение (3 человека и люди стоят)Возможно, это изображение (1 человек, стоит и на открытом воздухе)Возможно, это изображение (3 человека, люди стоят и на открытом воздухе)  

Терең урматыбыз менен,
“Ата-Журт Кыргызстан” 
партиясынын мүчөлөрү

«Ата-Журт Кыргызстан» СПнын буйрутмасы боюнча, «Саясат. kg» тарабынан 2021-жылдын  24-ноябрында чыгарылды, дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Киев көчөсү 77, каб. 34, партиянын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү С.А. Болотакунова тарабынан төлөндү (Күбөлүк № 60 03.09.2021-ж.).