“Ар бир талапкер айткан сөздөрүнө жоопкерчилик менен мамиле жасашы керек”, - деди Камчыбек Ташиев бүгүн, 19-ноябрда УКМКнын Өзгөн районундагы бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышында.

Ал парламенттик шайлоого аттанган айрым талапкерлер программасынын ордуна бийликти жамандоо менен элге жагынууга аракет жасап жатканын белгиледи.

“Мен талапкерлерге кайрылат элем, баарына бирдей шарт түзүлгөндөн кийин эл алдында өзүн туура алып жүрүп, ар бир сөзүнө жооптуу болуулары керек. Сөзүм бар эле, мен талапкермин, мага сүйлөөгө мүмкүнчүлүк берилди деп эле бийлик органдарына тил тийгизе берген болбойт. Түштүк тарапта мындай адамдарды дабдыр деп коет. Түндүк тарапта келесоо дейт. Келесоолонуп оозуна келгенди оттой бербеш керек. Эмитеден эле өзүн депутат сезип алган талапкерлер бар. Депутат болгондон кийин гана айткан сөзүнө жоопкерчилик албайт, а талапкер кезинде ар бир сөзү үчүн жооптуу экенин унутушпаса. Президентти шылдыңдагандарга, туура эмес сындарды айткандарга жооп берилет. Кээ бир талапкерлердин программасы жок, өлкөнүн өнүгүшүнө, кайсы бир коомдук маселенин чечилишине көтөргөн демилгеси жок, элге жолуккан бир саатты толугу менен бийликти жамандоого арнап жатышат. Бир саат сүйлөсө бир саат Жапаров менен Ташиевди жамандайт. Ошол сөздөрүнүн 99 пайызы калп, элге аларды жаман көрсөтүү аракети. Мен элибиз акылдуу, баарын карап, байкап турушат, шайлоодо ар бирине өз баасын беришет деп ойлойм. Шайлоо да аяктайт, ар бир мыйзамсыз аракеттерге жооп берчү күн да келет. Мамлекеттик кызматкерлерге жосунсуз акаарат келтиргендер жооп берет. Кээ бир талапкерлердин ансыз да мыйзам бузуулары бар, аларды шайлоонун алдынан жоопко тартайын десем, президент болбой койгон, шайлоодо элге жолугуп, туура сүйлөп, туура ой жүгүртүп калышаарына ишенген. Андай болбоду, алар моралдык да, мыйзамдык да чектен чыгып кетишти. Себеби, булардын бир максаты бар, ал – коомдук, мамлекеттик түзүлүштү бузуу. А биз аны бузганга эч кимге жол бербейбиз! Бардык талапкерлерге бирдей шарт түздүк жана баарынан бир нерсени – мыйзамды бузбоону талап кылабыз!” – деди Камчыбек Ташиев.