Акыркы убактарда айрым жалпыга маалымдоо каражаттары, көчө  саясатчылары УКМКнын төрагасы, Президент  Садыр Жапаровдун көздөй досу Камчыбек Ташиевге ач кенедей жабышып, анын аткарган иштери  түгүл, эл менен жолугушууларда сүйлөгөн сөздөрүн  да өздөрү каалагандай өңүттөрдө чечмелөөнү адатка айландырып алышты.

Алардын максаттары бирөө эле: кандай жолдор менен болбосун Камчыбек Кыдыршаевичти элге, досуна жаманатты кылып, аны кызматынан кетире алышпаса да Президенттен алыстатуу. Андан кийин Садыр Жапаровдун өзүн кокодон алуу. Аны Садыр Нургожоевич түшүнөбү, аңдап, сезеби, ал тууралуу  билбейбиз, кабарыбыз жок, анын айланасында да Камчыбек Кыдыршаевичтин ордун ээлегилери келгендер бар. Адегенде башкаруучунун жанындагы ишенимдүү адамдарын жаманатты кылып кетирип, ал жерлерге өздөрүнүн адамдарын коюп, анан өзүн жайлаганга умтулуу  кутумдардын байыртан келаткан ыкмасы.

Камчыбек Ташиев саясый жактан гана эмес, жарандык жактан да аябагандай активдүү адам. Анын ведомствосу республиканын бир катар район, шаарларында өз түзүмдөрү үчүн батирлерди, кеңселерди курууда. Алардын курулуштарын көргөнү барганда Камчыбек Кыдыршаевич каалайбы, каалабайбы, эл менен да жолугушат. Эл эмне демек эле? Албетте, курулуш жүрүп жаткан жерлерде, жыйын-чогулуштарда ага ар кандай суроолорду беришет. Факты жүзүндө өлкөдөгү экинчи адам болуп тургандан кийин ал суроолорго жооп бериши керек. Ал анын саясатчы гана эмес, мамлекеттик чоң чиновник катары анын милдети.

Акыркы убактарда ага эл тарабынан: Ковидге каршы эмдөө, Кумтөр, энергетикалык көйгөйлөр, азык-түлүк коопсуздугу, сугат системасынын абалы сыяктуу бир катар суроолор берилсе, аларга Камчыбек Кыдыршаевич билишинче жооп бериптир. Же берилген суроолорго ылайык, ковидге каршы эмдөө боюнча жаңы вакцианалардын партиялары келаткандыгын, “эки айдын ичинде Кумтөрдөгү алтын комбинаты чоң кирешелерди берип биринчи жарым жылдыкта бюджеттин профицити 564 миллион сомду түзгөндүгүн, бюджеттин быйылкы көлөмү 162 миллиард сом болсо, келерки жылы 220 миллиард сомго жетерин,  аферист алдамчы инвесторлордон арылуу,  Чүй облусунда жаңы канал курула тургандыгы,  өлкөдөгү азык-түлүктөрдүн кору келерки жазга чейин жетээри, ошондуктан элдин ашыкча тынчсызданбашы жөнүндө айтыптыр.

Мындай суроолорго республикалык деңгээлдеги чоң жетекчи эмес, район-шаарлардын, керек болсо  айыл өкмөттөрүнүн башчылары да жооп бергенге укуктуу гана эмес, милдеттүү да. Анткени, мамлекеттик жана муниципалдык чиновниктердин башкы милдеттеринин бири - элге Президенттин, Өкмөттүн саясатын жеткирип, суроолорго мамлекеттик кызыкчылыктын өңүтүнөн жооп берип туруу.  Эгерде дареметибиз, билимибиз жетсе, биз менен сиз деле элге андай маалыматтарды берип, таркатып турсак ашыкча болмок эмес. Окумалдык, жарандык парызыбыздан гана кутулмакпыз.

Камчыбек Кыдыршаевичтин жогоруда айтылгандай жоопторунда  лупа түгүл, микроскоп менен караса деле эч кандай чектен чыгуу же жогорку даражадагы мамчиновниктин макамына, этикасына ылайык келбей турган элемент жок. Тескерисинче, андай жооптор Камчыбек Кыдыршаевичтин коррупционерлерди гана алкымдабастан, досунун саясатын  медиа мейкиндик аркылуу да колдоп, сүрөп, ага ал жагынан да жардам бергиси келгендигин гана көрсөтүп жатат. Аны элге тескерисинче көрсөтүүгө аракеттенишкен кутумдарыдын иштеринен баары бир эч нерсе чыкпайт. Анткени, эл кутумдар ойлогондой маңыроо эмес. Жарандарыбыз баарын көрүп, билишип, өз акылдарында салмактап турушат.

 

Автандил Белеков, Булак: «Майдан. kg» гезити

Добавить комментарий

ПРАВИЛА РАЗМЕЩЕНИЯ КОММЕНТАРИЕВ:
1) Не допускайте в комментариях лексику, считающуюся ненормативной.
2) Не обсуждайте и не оскорбляйте личность автора статьи или авторов комментариев.
3) Не размещайте в поле комментария статьи других авторов или ссылки на них.
4) Комментируя статью, не отклоняйтесь от ее тематики и не размещайте в комментариях рекламную информацию.
5) Не допускайте в комментариях разжигания религиозной или межнациональной вражды, а так же сведений, заведомо не соответствующих действительности.
ПРИМЕЧАНИЯ: - Авторы публикаций не вступают в переписку с комментаторами и не обсуждают собственные с материалы. - Редакция не несет ответственности за содержание комментариев. АДМИНИСТРАЦИЯ САЙТА ПРЕДУПРЕЖДАЕТ - КОММЕНТАРИИ ПОЛЬЗОВАТЕЛЕЙ, СИСТЕМАТИЧЕСКИ ГРУБО НАРУШАЮЩИХ РЕКОМЕНДАЦИИ КОММЕНТИРОВАНИЯ СТАТЕЙ, БУДУТ УДАЛЯТЬСЯ НЕМЕДЛЕННО!


Защитный код
Обновить